Рысгүл Акимжанова Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун “Ынтымак ордо” билдирди.
Рысгүл Акимжанова айыл чарба багытында иш алып барган “Бай Элим” компаниясынын негиздөөчүсү. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Токтошевдин жубайы. Рысгүл Акимжанова 2025-жылы парламенттик шайлоого №19 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, Жогорку Кеңешке өтпөй калган.
Шерине