Кыргызстан Кытайдан күйүүчү май ташып келүүнү көбөйтүүнү пландап жатат

Бишкектеги май куюучу жайлардын бири. Июнь, 2026-жыл

Кыргызстан Кытайдан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон жумушчу сапарында айтты.

“Ынтымак ордо” билдиргендей, Эрлист Акунбеков баштаган Кыргызстанда күйүүчү май тармагында иштеген ондон ашык компаниянын жетекчилери Кытай мунай жана химиялык корпорациясынын (China Petroleum & Chemical Corporation — Sinopec) директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолугушту.

“Кыргызстанда мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн ар бир ишкердин түздөн-түз иш алып баруусу үчүн жана маселени жеринде көрүп таанышуусу үчүн делегациянын курамына коштук. Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларын жеткирүү көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул багыт чоң келечекке ээ жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин алкагындагы кызматташтыктын узак мөөнөттүү багыты болуп саналат деп эсептейм”, - деди Эрлист Акунбеков.

Sinopec корпорациясынын директорунун орун басары Тянь Хунбинь буга чейин түзүлгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана мунай тармагында жаңы багыттарда иш алып барууга кызыкдар экенин билдирген. Өкмөт Sinopec мунай жана газ тармагында иштеген дүйнөдөгү эң ири компаниялардын ичинен алтынчы орунда турарын кабарлады.

Жолугушуунун соңунда курамына тиешелүү мамлекеттик органдар жана компаниялар кирген жумушчу топтор, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүгө байланыштуу транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу, соода жүгүртүү жана башка тиешелүү маселелерди талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга чейин Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин айткан. Ал 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май алып келүү боюнча келишимге кол койгонун кабарлаган.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.

Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди. Мындан улам Орусиянын өзүндө кризис пайда болуп, Кремль Батыш өлкөлөрүндө экологиялык талаптарга жооп бербейт жана адамдын ден соолугуна кооптуу деп табылган Евро-2, Евро-3 жана Евро-4 стандартындагы бензинди импорттоого жана сатууга уруксат берген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген соңку интервьюсунда Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Тажикстан Ирандан мунай алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жататОрусиянын Жогорку соту "Яблоко" партиясынын доо арызын карап жатат. Жапырт кармоолор болгону кабарланды “75чилердин иши”: Адвокаттар тергөөчүлөргө, судьяга чара көрүүнү өтүнүп жатышатЭнергетикадагы авариялык өчүрүүлөрдү комиссия иликтейтЖогорку сот Фейсбук колдонуучусу Маратбек уулун актаган өкүмдү күчүндө калтырды