ЖК президенттик шайлоонун датасын сентябрдын ортосунда аныктайт

Жогорку Кеңеш. Архив.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы 2-сентябрда ишин баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттин спикери Марлен Маматалиев билдирди.

Анын сөзүнө ылайык, Жогорку Кеңеш президенттик кезектеги шайлоону 27-сентябрга чейин дайындашы керек. Бул маселе 16-17-сентябрь күндөрү күн тартибине киргизилип, токтом кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров парламентке президенттик шайлоонун датасын аныктоо боюнча маселени 17-сентябрда карап берүү өтүнүчүн бергенин айткан.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн.

Шайлоонун датасын Жогорку Кеңеш белгилейт. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ кытай товарлары бажы төлөмүн кыйгап өткөн өлкөлөрдүн катарына Казакстан менен Өзбекстанды кошту Салык кызматы чет элдик бир катар компанияларды салык төлөөгө чакырдыКыргызстандык компаниялар Кытайдан авиакеросин, дизел ташып келетАбактагы Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыгатОрунбековдун тизмеси: Абдирасулова ИИМ териштирүү баштаганын айттыОрмузда кеме аткыланып, бир адам жараат алдыКыргызстан Кытайдан күйүүчү май ташып келүүнү көбөйтүүнү пландап жататОрусияда согушту айыптаган "Яблоко" партиясынын арызы Жогорку сотто четке кагылды