Бишкекте Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү ачылды

Кытай көргөзмөсүндөгү экспонат. Бишкек. Улуттук тарых музейи. Август, 2026-жыл.

Улуттук тарых музейинде "Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү" аттуу көргөзмө ачылды.

18-августта ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кыргызстан менен Кытайдын тарыхый-маданий байланыштарын, эки элдин өз ара урмат-сыйын жана достугун чагылдырган маанилүү маданий окуя экенин белгиледи.

Президенттик администрациянын маалыматына караганда, көргөзмөгө үч музейдин фонддорунан 153 баалуу экспонат коюлган, анын 115и Тяньцзинь музейинен, 30у Ички Монголия музейинен жана 8и Кыргызстандын Улуттук тарых музейинен алынган.

Көргөзмө Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Кыргызстанда өтүүчү саммитинин алкагындагы маданий иш-чаралардын бири катары уюштурулду.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, көргөзмө 15-ноябрга чейин уланат.

2025-жылы Бээжин шаарындагы Кытайдын Улуттук музейинде Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин көчмө көргөзмөсү уюштурулган.(ZKo)

Дагы караңыз

Абактагы Мавлян Аскарбековдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү"Кылмыш кылган эмесмин". Акын Аскат Жетиген абактан чыкты Аскат Жетиген ак болгону үчүн ырайым сурабаганын айттыМосквада жарык өчүп, өлкө аймагында интернет үзгүлтүккө учурадыУкраинанын мурдагы коргоо министри Федоров шайлоо өткөрүү керектигин айттыАКШ кытай товарлары бажы төлөмүн кыйгап өткөн өлкөлөрдүн катарына Казакстан менен Өзбекстанды кошту