Тигүүчүлөрдү бирдиктүү салыктан бошотуу сунушталды

Тигүү фабрикасы. Бишкек.

Тигүү жана текстиль тармагында иштегендерди жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерде электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткандарды (селлерлер) 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин бирдиктүү салыкты төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча отчет берүүдөн бошотуу сунушталды.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Мындай жеңилдик Кыргызстандын салык органдарында белгиленген тартипте катталган ишкер, компанияларга берилет.

Селлерлер жеңилдикти колдонуу үчүн электрондук соода аянтчасында өзүнүн ИННин колдонуу менен иш жүргүзүп жаткандыгын тастыктаган документи болушу керек. Бул бирдиктүү салыкка жана ал боюнча отчетко гана тиешелүү. Башка салыктык милдеттенмелер жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелер сакталат.

Кызматкерлер киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулбайт. Иш берүүчүлөр мурдагыдай эле өз кызматкерлери үчүн тиешелүү төлөмдөрдү эсептеп, кармап калууга жана бюджетке которууга милдеттүү. Социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн белгиленген тартипте төлөөнү улантышат.

Салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлдү.

Украина Wildberries маркетплейсинин Орусиядагы кампаларына утур-утур сокку уруп, андан кыргызстандык ишкерлердин да товарлары өрттөнүп, чыгымга учурап жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Жапырт кармалган саясатчылардын камактагы мөөнөтү эки айга узартылдыУкраина: Жогорку Рада коргоо министри кызматына Хмараны бекитти Мунай импорттоочуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселеси көтөрүлдүОшто чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк үч жаран кармалдыАбактагы Мавлян Аскарбековдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү