Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 112 өлкөнүн спортчулары катышат

Кырчын жайлоосу. 2018-жыл.

Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн, анын ичинде Австралия, Азербайжан, Армения, Аргентина, Бангладеш, Бахрейн, Грузия, Индия, Индонезия, Иран, Испания, Казакстан, Монголия, Польша, Орусия, АКШ, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин спортчулары катышуу үчүн арыз берди.

Бул тууралуу оюндарды уюштуруу комитети кабарлады. Маалымат боюнча, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 3 миңге жакын спортчу катышат деп күтүлүүдө. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жобосуна ылайык, спорттун 42 түрү
бекитилген. 31-августта өлкөлөрдүн спорттук делегациялары оюндун ачылыш аземинде парадка катышат жана командалар бирдиктүү улуттук формада чыгууга тийиш.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта борбордо жаңы салынган “Бишкек арена” стадионунда өтүп, негизги оюндар 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө болот.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн.

2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган. (BTo)

Дагы караңыз

Аскарбековго Фейсбуктагы билдирүүсү боюнча иш козголгону белгилүү болдуЖапырт кармалган саясатчылардын камактагы мөөнөтү эки айга узартылдыКиевге жапырт соккуда 10дон ашуун киши каза болду, 40тан ашууну жараат алды Кыргыз жарандары Кытайга 10 күнгө чейин визасыз кире алышатУкраиналык дрондор Нижнекамскиде мунай заводуна, Кубанда терминалга, электр станциясына сокку урду Мамлекет күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн 1 миллиард сом коротту