Согушта каза болгон орусиялык аскерлердин кеминде 241 миңинин аты-жөнү аныкталды

Орусия. Санкт-Петербург. Согуш башталганы Орусиянын аймактарында улам бир жаңы көрүстөн ачылууда.

Би-Би-Си, «Медиазона» жана ыктыярчылар тобу Украинага каршы согуш башталгандан бери каза болгон орусиялык аскерлердин кеминде 241 088инин аты-жөнүн аныктап чыгышты.

Каза тапкандардын 56% согушка келишимдик негизде жөнөтүлгөндөр, мобилизация болгондор жана абактан баргандар, орточо жаш курагы 38дегилер экени айтылды.

Азыр фронтто эң көп каза болуп жаткан топ катары келишимдик негизде кошулган 42-45 жаштагы жарандар көрсөтүлгөн.

Изилдөөнүн авторлору орус армиясы 2022-жылдагы жарым-жартылай мобилизациядан кийин жаңы аскерлерди негизинен акчалай сыйлык жана келишимдик кызмат аркылуу тарта баштаганын белгилешет.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, ачык булактар аркылуу аныкталган сандар чыныгы жоготуулардын болжол менен 45-55% гана камтыйт. Аскер эксперттеринин эсеби боюнча, Орусиянын чыныгы жоготуулары 438 миңден 535 миңге чейин жетиши мүмкүн.

Украина соңку жолу өз жоготуулары тууралуу быйыл февралда маалымат берип, президент Владимир Зеленский 55 миң украин аскери жана офицери набыт болгонун билдирген. Бирок Батыштагы эксперттер бул көрсөткүч чыныгы сандан төмөн болушу мүмкүн деп эсептешет.

Соңку учурда Орусия келишим түзүп, согушка жөнөткөн жарандарга дароо өзүнүн жарандыгын берип жатканы айтылган.

Украинанын мамлекеттик "Хочу найти" долбоору 2026-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн 13 миңдей жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарында согушканын же учурда согушуп жатканын апрель айында билдирген. Бул сан алардын жеке маалыматтарын колдонуу менен аныкталганы белгиленген. 

Алардын арасында 1500дөйү кыргыздар экенин белгилүү болгон. Өткөн айда Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазонанын" журналисттери Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон Кыргызстандын кеминде 89 жаранынын аты-жөнүн аныктаган.

"Хочу жить" долбоорунун маалыматы боюнча, орус армиясынын катарында согушуп жүрүп 150гө жакын кыргызстандык каза болгон.

"Азаттык" тизмедегилерден сырткары дагы бир канча кыргызстандык кан майданда каза болгонун аныктаган. Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстандын жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандар өз ыктыяры менен кетип жатканын кайталап, бөтөн элдин согушуна катышуу кылмыш экенин эскертип келет.

Дагы караңыз

Иранда өкмөткө каршы акцияга катышкан дагы бир киши өлүм жазасына тартылдыЙемендик хусилер Саудияда аэропорт жана мунай ишканасына чабуул койгонун билдириштиБритан ханзаадасы Гарри үй-бүлөсү менен мекенине кайтмай болгону маалымдалдыОрусиядагы мобилизация коркунучу: "Уулдарымды алып, Кыргызстанга кайттым"