ШКУ саммитин, Көчмөндөр оюндарын утурлай коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Бишкек. Ырыс-Ордо. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда антитеррордук коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өткөн жумушчу жыйында билдирди.

Жыйында ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, саламаттык сактоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн алдыдагы иш-чараларга даярдыгы талкууланды. Коопсуздук кеңешинин катчысы алдыдагы эл аралык иш-чаралар катышуучулардын жана чет элдик делегациялардын саны, ошондой эле деңгээли боюнча өлкө тарыхындагы эң ири иш-чаралардын бири экенин белгилеп, коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Тиешелүү мамлекеттик органдарга антитеррордук коопсуздукту, коомдук жана жол коопсуздугун, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча зарыл чараларды кечиктирбей көрүү тапшырылды.

Мындан тышкары, айрым көчөлөрдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр тууралуу маалыматты коомчулукка алдын ала жана ыкчам жеткирүү милдети Ички иштер министрлигине жүктөлдү.

Быйыл 30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.

Ошондой эле Кыргызстанда быйыл VI Көчмөндөр оюндары өткөнү турат. Анын ачылышы 31-августта Бишкекте, калган спорттук иш-чаралар 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) өткөрүлөт.

Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышарын кабарлаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты көрдү Көз карандысыз байкоочулар аз. Казакстанда биринчи курултайга шайлоо Украинанын дрон чабуулунан Ейск шаарында эки бала мерт кеттиБишкекте "Ырыс ордо" конгресс-борборy курулуп бүттү