24-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 31…33° жылуу болот.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 22…24° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 22-августта күндүз 23,1°, 23-августта эртең менен 21,4° түздү.