Махабат Тажибек кызы эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү

Махабат Тажибек кызы.

Эркин журналисттик иликтөө менен алектенген Махабат Тажибек кызы эл аралык The Albies сыйлыгына көрсөтүлдү.

Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова 23-августта Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Сыйлыкты ээлерине тапшыруу 7-октбярда, Лондон шаарында болот. Бирок Махабатты бул жогорку деңгээлдеги сыйлыктын тапшырылышына сот жибереби, ушул чоң маселе жана бул 25-августта сот жараянында белгилүү болот", - деп жазды Абдирасулова.

"Адилеттик үчүн" Клуни фонду(CFJ) буга чейин кыргыз бийлигин журналисттерге коюлган айыптарды алып салууга үндөгөн.

25-августта Бишкектин Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызына козголгон кылмыш ишин кайрадан карай баштайт. "Азаттыкка" анын жактоочуларынын бири Акынбек Ногоев билдиргендей, адвокаттардын ишти кайра кароону токтотуп, аны таптакыр жабуу тууралуу өтүнүчү четке кагылган.

Ленин райондук соту 23-мартта Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап, аны эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен эркиндикке чыгарган, бирок иштин өзүн кыскартуу өтүнүчүн четке каккан. Шаардык сот аны күчүндө калтырган.

Иштин райондук сотто кайрадан каралышына Жогорку соттун 10-марттагы чечими негиз болгон. Бул мекеме журналистке чыккан сот өкүмдөрүнүн баарын жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти Ленин райондук сотуна жиберген.

The Albies сыйлыгы "Адилеттик үчүн" Клуни фонду(CFJ) тарабынан уюштурулган жыл сайын берилүүчү эл аралык сыйлык. Аны 2022-жылы Жорж Клуни жана Амаль Клуни негиздеген. Сыйлыктын максаты — дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жеке коопсуздугуна чоң тобокелчиликке карабай адилеттик, адам укуктары, аялдардын укуктары, демократия жана сөз эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан адамдарга жана уюмдарга көңүл буруу.

Сыйлык Түштүк Африкадагы апартеидге каршы күрөштүн белгилүү өкүлү, судья Альби Сакстын урматына аталган. (ZKo)

Дагы караңыз

Махабат Тажибек кызынын ишин кайра башынан кароого райондук сот 25-августта киришетАКШда сот 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүүгө чектөөнү жокко чыгардыЗеленский: Орусия элинин 60% ашууну согуш бүтүшүн каалайтШКУ саммитин, Көчмөндөр оюндарын утурлай коопсуздук чаралары күчөтүлөтПрезидент Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты көрдү