«Америка Орусияга байланыштуу бардык карама-каршылыктарынан жана кооптонууларынан арылат деп ишенем. Орустарды сүйлөшүү үстөлүнө отургузуш керек. Аларга катаал санкцияларды киргизүү керек. Ал санкциялар киргенден кийин алар (орус бийлиги) боздоп жибере тургандай болуш керек», - деди Зеленский 24-августтагы кайрылуусунда.
Бул күнү Украина Советтер Союзу ыдырагандан кийин эгемендикке жеткенине 35 жыл толду.
«Европа бирдиктүү, дымактуу жана кайраттуу Европа болушу керек. Кытай мындан ары унчукпай тура бербеши керек», - деди Зеленский.
Украин лидери Кытай дүйнөлүк лидерлердин бири болууга экономикалык жана технологиялык жактан гана эмес, цивилизация катары да умтуларын көрсөтүүгө тийиш деп санайт.
«Эч бир диктатор эски өзөктүк дүрмөттөрү менен планетаны коркутууга укугу жок экенин ачык билдириши керек», - деп кошумчалады Зеленский.
Британиянын өкмөт башчысы Энди Бернхэм Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен кол алышып жатат. 24-август, 2026-жыл.
Европадан жаңы жардам
Зеленскийдин кайрылуусун утурлай Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Украинага кошумча жети миллиард долларлык аскердик жардам берилерин жарыялады.
«Украинанын Эгемендик күнүндө биз талыкпас колдообузду көрсөтүп жатабыз», - деп жазды фон дер Ляйен социалдык тармактагы билдирүүсүндө.
Анын айтымында, кошумча каражат Украинага өтө зарыл болуп турган абадан жана ракетадан коргонуу системаларын, ракеталарды, ок-дары жана радарларды сатып алууга багытталат.
24-августта Европа өлкөлөрү, Канада жана башка мамлекеттер кирген «Каалоочулар коалициясынын» жыйыны өтмөк. Анда Москвага басымды күчөтүүнүн жолдору талкууланат. Көпчүлүк лидерлер жыйынга онлайн катышса, Британиянын премьер-министри Энди Бернхэм Киевге өзү барды. Жогорку кызматка киришкенине бир ай боло элек өкмөт башчынын бул алгачкы чет өлкөлүк сапары.
«Украин элинин эбегейсиз кайраты чындап эле суктандырат», - деди Бернхэм Киевде туруп сүйлөгөндө.
Орусия 2022-жылдын февралында Украинага кеңири масштабда согуш ачкан. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургун набыт болуп, миллиондогон адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.
Согуш башталгандан бери Европа менен АКШ Украинага ондогон миллиард долларлык экономикалык жана аскердик жардам көрсөттү.
Дагы караңыз
"Бир кызматкер ай сайын 20-30 адам жөнөтүшү керек болууда". Орусиядагы жаңы мобилизация аракеттериАмериканын жардамына үмүт
24-августта Кошмо Штаттардын Украинадагы элчилиги Вашингтон Киев менен экономикалык жана коопсуздук тармагындагы байланыштарын күчөтөрүн билдирди.
Ошол эле учурда 2025-жылдан бери АКШ Украинага түз аскердик жабдуу дээрлик жөнөтпөй калган. Бирок Киев Вашингтондун чалгындоо, байкоо жүргүзүү жана чалгын маалыматтарын топтоо боюнча маанилүү колдоосун дагы эле алып келатат.
Акыркы убакта Украинада АКШда чыгарылган Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракета запасы дээрлик түгөндү.
Бул ракеталарды Украинада лицензиянын негизинде чыгаруу планы да азырынча алдыга жылбай турат.
Ак үйдөн мындан аркы жардам кандай болору белгисиз бойдон калып жаткан шартта, Зеленский 23-августта Киевде АКШ сенаторлору, демократ Ричард Блументал жана республикачы Жеймс Лэнкфорд менен эртең менен тамак үстүндө жолугушту.
Зеленский Вашингтонго Украинага көрсөткөн «эки партиянын жана Конгресстин эки палатасынын тең туруктуу колдоосу» үчүн ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, Сенат менен Өкүлдөр палатасында Орусияга басымды күчөтүү боюнча аракеттер уланып жатат. Алардын арасында сенатор Линдси Грэм сунуштаган, Орусия менен Иранга каршы санкцияларды караган мыйзам долбоору да бар.
Орусия Украинага ракета жана дрон чабуулдарын улантып жаткан маалда Зеленский америкалык сенаторлорго «Орусиянын баллистикалык ракеталар менен уланып жаткан террордук чабуулдары» тууралуу маалымат бергенин айтты.
Украин президенти мындай чабуулдарга каршы туруу үчүн Киевге зарыл болгон мүмкүнчүлүктөрдү берүү өтө маанилүү экенин белгиледи.
24-августта да аба чабуулдары уланды. Орусиялык Ozon интернет-соода компаниясы Краснодардагы логистикалык борборуна украин дрондору сокку урганын билдирди. Чабуулдан кийин ал жайда өрт чыккан. Компаниянын маалыматына караганда, жабыркагандар жок.
22-августта украин күчтөрү Самарадагы Ozon кампасына да сокку урган. Муну менен Киев орусиялык электрондук соода тармагындагы объектилерге чабуулдарын кеңейтүүдө.
Ага чейин украин армиясы бир нече апта бою Орусиянын дагы бир ири маркетплейси Wildberries компаниясынын кампаларына сокку урган.
Британиянын премьер-министри Энди Бернхэм Украинага британ-француз өндүрүшүндөгү Storm Shadow/SCALP канаттуу ракеталарын өлкө ичинде чыгарууга керектүү жашыруун техникалык маалымат берилерин жарыялады.
Бул Украинанын орто аралыктагы буталарга сокку уруу мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө багытталган.
Зеленский болсо Эгемендик күнүндөгү кайрылуусунда Украина өзү чыгарган Flamingo ракеталарынын маанисине өзгөчө токтолду.
«Фламинголор жалгыз эмес, топ-тобу менен учуп жетип, Орусияга “кыштаган” куштардай болушу керек», - деп салыштырды Зеленский.