Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болду

Урмат Абдукаимов.

Ата мекендик адис Урмат Абдукаимов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Тиешелүү чечим 25-августта Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Жаңы башкы машыктыруучуга команданы алдыдагы эл аралык мелдештерге, анын ичинде 2027-жылы өтө турган Азия кубогуна жакшы даярдоо жана улуттук кураманын алдына коюлган максаттарды ишке ашыруу милдети коюлду.

34 жаштагы Урмат Абдукаимовдо Азия футбол конфедерациясынын “A” категориясындагы машыктыруучулук лицензиясы бар адис. Ал буга чейин
Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеген. Ошондой эле Жогорку лиганын “Талант” футбол клубун жетектеген.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки 25-августта кызматтан кеткен. (BTo)

Дагы караңыз

Футбол: Просинечки улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кеттиАгартуу министрлиги E-Kundoluk боюнча комментарий бердиЖыл башынан бери азык-түлүктүн баасы 6,3% кымбаттадыАкылбек Жапаров Бөлтүрүк айткан 630 млн доллар боюнча комментарий бердиӨкмөт компанияларга күйүүчү майды сатууда чектөө болбошу керектигин билдирди"Сулайман-Тоо" музей комплекси курулуштарга жол берилбей турганын билдирдиКорумду чокусунда жоголгон үч альпинисттин экөөнүн сөөгү табылдыСоюздаштар Украинага жардамды күчөтүү жолдорун талкуулашты