Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Агартуу министрлиги E-Kundoluk боюнча комментарий берди

Агартуу министрлиги.
Агартуу министрлиги.

Агартуу министрлиги E-Kundoluk мамлекеттик электрондук күндөлүк системасын иштеп чыгууда "коррупциялык иштер болгон" деген билдирүүгө комментарий берди.

Министрликтин маалыматына караганда, 137,4 млн сом электрондук күндөлүктү түзүүгө эле эмес мамлекеттик электрондук күндөлүк жана электрондук журналды, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу үчүн ustat.edu.gov.kg платформаны, башталгыч кесиптик билим берүү системасы үчүн өзүнчө санариптик чечимди даярдоого, “Туңгуч” онлайн-мектебинин платформасын түзүүгө каралган.

“Мындан тышкары, санариптик экосистема ПИН-сервис, мектепке электрондук каттоо системасы, “Мугалим”, “Аттестат”, ББМС жана башка мамлекеттик санариптик чечимдерди кошкондо, мамлекеттик маалыматтык системалар жана сервистер менен интеграциялоону карайт. “E-Kundoluk'тү” иштеп чыгуу иштердин жалпы көлөмүнө киргизилип, өзүнчө кошумча бюджет бөлүнбөстөн, негизги келишимдин наркынын алкагында ишке ашырылган. Ошондуктан келишимдин жалпы наркын электрондук күндөлүктү түзүүгө гана жумшалган чыгым катары көрсөтүү чындыкка дал келбейт”, - деп айтылат маалыматта.

Агартуу министрлиги E-Kundoluk'тө окуучулардын жана ата-энелердин жеке маалыматтары 100% корголорун жана платформаны өнүктүрүү жана башкаруу “Түндүк” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилерин кошумчалады.

Буга чейин Kundoluk.kg системасын иштеп чыккан жеке ишкерлер президент Садыр Жапаровго кайрылып, Агартуу министрлиги E-Kundoluk мамлекеттик электрондук күндөлүк системасын иштеп чыгууда коррупциялык иштерге жол берилгенин билдирген. Алар долбоорду ишке ашыруу үчүн кол коюлган 137,4 млн сомдук келишим кеминде 10 эсе жогору болгонун кабарлашкан. Kundoluk.kg бул маселеге байланыштуу Башкы прокуратурага да арыз берген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG