Армениянын мурдагы президенти, «Армения» альянсынын лидери Роберт Кочарян Ереванда кармалып, Коррупцияга каршы күрөш комитетине жеткирилди. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун армян кызматы кабарлады. Ага чейин Кочаряндын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө иштери анын уулу, Улуттук жыйындын депутаты Левон Кочаряндын батиринде да болгон.
Армениянын Коррупцияга каршы күрөш комитети билдиргендей, Роберт Кочарян менен кошо анын уулу Седрак Кочарян жана дагы төрт киши кармалды.
Бир аздан кийин Роберт Кочаряндын саламаттыгы начарлап, медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн ооруканага жеткирилди.
Тергөөнүн версиясына ылайык, Кочарян «кызматтык абалынан пайдаланып, жакын санаалаштары менен алдын ала сүйлөшүп алып, ар кандай жасалма негиздер аркылуу мамлекеттик мүлктү ээлеп алган жана коомдук-экономикалык маанидеги бир катар баалуу объектилерди базар баасынан кыйла арзан сатып алган».
Коррупцияга каршы күрөш комитети Кочарян мыйзамсыз сатып алган деп шектелген кыймылсыз мүлктөрдүн тизмесин жарыялады.
Анда Play City көңүл ачуу борбору, Fast Kart компаниясы, аянты эки гектар жер тилкеси, Blue Sevan курорттук комплекси, Art Build компаниясы, аянты 29 миң чарчы метр жер тилкеси жана анда жайгашкан имарат, Orange Fitness фитнес-клубу, Piazza Grande бизнес-борбору жана Toyota Yerevan компаниясы көрсөтүлгөн.
Седрак Кочарянга кылмыштуу жол менен табылган каражатты адалдоо, ири өлчөмдө пара алууга көмөктөшүү жана кызматтык абалынан кыянат пайдалануу айыптары коюлууда.
Кийинчерээк комитет кылмыш иши он кишиге козголгонун билдирди.
Кочарян уулу Левон менен премьер-министр Никол Пашинян парламентте кайым айтышкандан бир күн өткөндөн кийин кармалды. Пашинян Кочаряндын үй-бүлөсүн элдин эсебинен байыган деп айыптап, «талап-тонолгон миллиондорду» мураска өткөрүүгө жол бербей турганын айткан. Буга жооп катары экс-президенттин уулу өкмөт башчыны тандалма сот адилеттигин жүргүзүп жатат деп айыптаган.
Кочарян 1998-жылдан 2008-жылга чейин Армениянын президенти болгон. Ал 2018-жылдын июлунда 2008-жылы конституциялык түзүлүштү кулатууга айыпталып камакка алынган. Тактап айтканда, ага президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акцияларын күч менен таратууга байланыштуу айып коюлган. Андагы кагылышууда кеминде он киши набыт болгон.
Мурдагы президент бир нече жолу камактан бошотулуп, кайрадан камакка алынган. 2019-жылдын июлунда Армениянын Конституциялык соту Кочарянга каршы ишти кароону токтото туруу чечимин кабыл алган.
2021-жылы Кочарян оппозициялык «Армения» блогуна жетекчилик кылган. Блок быйыл июнда өткөн парламенттик шайлоодо добуштардын 9,92% алып, парламенттен 12 мандатка ээ болгон.
Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы июнь айында мурдагы президентти кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Кочаряндын адвокатынын айтымында, кылмыш ишинде билим берүү мекемесине таандык мүлктү ажыратуу тууралуу сөз болгон.
Кочаряндын жактоочулары мүлктү ажыратуу чечимин өкмөт кабыл алганын, ал эми Кочарян ал өкмөттүн курамына кирбегенин билдирип келишет.