Кымбатчылык кендирди кести. Өкмөттүн чарасы натыйжа береби?

Иллюстрациялык сүрөт

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 7% ашып, жылдык инфляция 11,7% түздү. Азык-түлүк менен башка товарлардын баасы орточо 6% кымбаттаса, кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагынын акысы 11% ашты.

Улуттук банк дүйнөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасынын жогорулашы өлкө ичиндеги транспорттук жана өндүрүш чыгымдарга таасир этип, азык-түлүктүн кымбатташына алып келгенин кошумчалады. Өкмөт бааларды ооздуктай турганын айтууда, бирок кымбаттоолорду токтотууга мүмкүнбү? Кымбатчылык элдин жашоосуна кандай таасирин тийгизүүдө?

Алай районунун тургуну Жумагүл кымбатчылык калкты кыйнап жатканын айтууда. Апа пенсиясы көтөрүлгөнү менен баанын алдында алсыз болуп жатканына капа.

“Азык-түлүк кымбаттап жатат, картөшкө, пияз, сабиз. Этти болсо бир базарда бир алып калдык, ал да кымбаттап кетти. Азыр бардыгы эле кымбат болуп жатат. Көп балалуулар эт жебей эле калышты. Картөшкө-пияз менен суюк тамак ичип эле калышты. Базарга барсаң бардыгы кымбат. Окуу ачылганы жатат, балдарга кийим алайын десең, бут кийим кымбат”.

Кыргыз өкмөтү баалардын өсүшүнүн алдын алууга атайын чараларды көрүп жатканын билдирип жатат. Буга мунай каатчылыгы менен аны коштой жүргөн башка товарлардын кымбатташы түрткү берүүдө.

Данияр Амангелдиев

Министрлер кабинети өткөн аптада инфляцияны ооздуктоо боюнча атайын программа кабыл алынып, ага бюджеттен 35 млрд сом караларын билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” курган маегинде маселе бышып калганын айтты.

“Инфляциядан эң эле көп күч келгени – бул азык-түлүк тармагы. Ошого карата программанын концепциясын кабыл алдык, жакын арада Министрлер кабинетинин төрагасы кол коёт. Негизи 35 млрд сом, бааларды турукташтырууга өзүнчө программа каралган. Биринчи жолу ушундай программа иштелип чыгып жатат. Министрликтердин жоопкерчилиги конкреттүү түрдө каралган. Анын ичинде эт азыктарына жок дегенде 20 миң баш "откормго", алардын тоютун субсидиялоо. Андан тышкары, тоок эти менен камсыздоо программасы да кирди. Фермерлердин жашылча-жемиш өндүрүүсүнө (мисалы, картошка, сабиз, пияз жана бакчалык), тамчылатып сугарууга да субсидия берилет. Ошол субсидиялардын алкагында аларды сактоо жана туруктуу камсыздоого багытталган логистикалык борборлор курулат”.

Кыргызстандагы инфляциянын өсүү динамикасын көрсөткөн инфографика.

Программаны ишке ашыруу механизми кандай болору азырынча белгисиз. Экономика министрлиги менен Айыл чарба министрлиги программанын айрым чийки жерлерин кайра иштеп жатышканын, бир-эки жумада толук даяр болорун билдиришти.

Бул арада өлкөдө баанын өсүшү өз арышын жайлата элек.

2026-жылдын башынан бери керектөө баалары 7,3%га өстү. Муну жылдык көрсөткүчтө алсак – инфляция 11,7% болууда.

Улуттук банктын билдирүүсүнө ылайык, азык-түлүк товарлардын баалары жыл башынан бери 6,3%га, азык-түлүктөн башка товарларга 5,8%га өстү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө болсо баа 11,1%га кымбаттаган. Мекеме тышкы шарттар баа динамикасын аныктоочу негизги фактор бойдон калып жатканын белгилейт. Анткени, Кыргызстандын чакан жана ачык экономикасы үчүн тышкы чөйрөдөгү туруксуз кырдаал импорттун жана өндүрүш чыгымдарынын өсүшү аркылуу ички рынокто чагылдырылат.

“Дүйнөдө сакталып турган геосаясий чыңалуулар, анын ичинде Жакынкы Чыгышта уланып жаткан чыр-чатактар жана ага байланыштуу дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда баалардын өзгөрүшү өлкөгө импорттолгон товарлардын баасына таасирин тийгизүүдө. Акыркы айларда тышкы таасирдин эң байкаларлык каналдарынын бири күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын жогорулашы болду, бул өлкө ичиндеги транспорттук жана өндүрүш чыгымдарына, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын жогорку туруксуздугунан улам азык-түлүк бааларынын өсүшүнө таасирин тийгизди".

Улуттук статистика комитетинин эсептерине таянсак, жыл башынан бери күйүүчү майдын баасы орточо 25%га кымбаттады. Маселен, АИ-95 маркасындагы бензин 33,5%, АИ-92 бензини 16,6% жана дизел отуну 25,2%га өскөн. Муну акчага айландырсак, 1-январда 76,44 сом турган АИ-92 бензини 24-августта 89,13 сомго жетти. Дизел отуну жыл башындагы 81,21 сомдон 24-августка карай 101,71 сомго чейин өстү.

Өкмөт мунай баасын ооздуктоо үчүн компаниялардын реалдуу чыгымы менен чекене саткан баасынын айырмасын субсидиялагандан кийинки өсүш ушундай болууда. Май айынан бери субсидияга 1 млрд сомдой короткон өкмөт, июлдан тарта АИ-95 маркасын эркин коё берген.

Жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана дистрибюторлор ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаева 2012-жылы Орусия менен Казакстандагы кургакчылыктан улам каатчылык күчөп, баалар асмандап кеткен учурда бааны туруктуу кармоо үчүн мамлекет базарга кийлигишкен учурду эске салат. Арийне, азыр кайсы бир чөлкөмдө эле эмес, бүт дүйнө боюнча татаал жагдай болуп турганын айтат.

Гүлнара Ускенбаева

"Бул жолу Кыргызстандын же чөлкөмдүн ичиндеги эмес, дүйнөлүк каатчылык болуп жатат. Андыктан, Кыргызстан мындан четте кала албайт. Бүт дүйнөдө баа өсүп, товарлардын тартыштыгы өкүм сүрүп жатканда бизде телегейи тегиз болушу мүмкүн эмес. Баалар, албетте, өсөт, бирок канчалык өсөрүн болжолдоо кыйын. Анткени, айыл чарба министрлиги да кандай түшүмдү, канча көлөмдө пландоо керектиги боюнча так сандарды бере албай жатат".

Коммуналдык кызматтардын тарифтери да инфляцияга карап утур-утур жогорулап келет. Электр энергиясынын баасы ар жылы май айында өсөт – 2024-жылы майда 10,8%га өскөн, былтыр 23,6%, быйыл дагы 19,7%га кымбаттады. Газдын баасы жыл башынан бери 5,1%, суунун тарифи 3,1% өстү.

Социалдык маанилүү азык-түлүктүн баасына келсек, расмий маалыматтар жыл башынан бери эттин баасы эң көп өскөнүн – кымбаттоо орточо 21,3%га жеткенин көрсөтүүдө. Жылдын башында орточо 700 сомдон сатылып жатса, азыркы учурга карай 850 сомго жетти. Кызмат көрсөтүүнүн наркы 8,3% өстү. Ал эми бейформал көрсөткүчтөр мындан бир кыйла жогору болуп чыгат.

Мындай көрсөткүчтү Улуттук статистика комитети чыгарууда.

Ишкерлер билдиргендей, азык-түлүк импорттоодо логистикалык кыйынчылыктар күчөгөндүктөн, транспорттук компаниялар жеткирүүдөн баш тарткан учурлар көбөйгөн. Гүлнара Ускенбаева Евразия экономикалык биримдигинен тыш аймактан альтернативдүү өндүрүшчүлөрдү табууда уюмдун стандарттык талаптарынан улам тоскоолдуктарга туш келип жатканын айтат.

"Башка альтернативдүү жеткирүүчүлөр менен өндүрүүчүлөрдү тапканга аракет кылуудабыз. Бирок, бул жерде азык-түлүккө коопсуздук боюнча талаптар өтө катаал блгондуктан, биз башка өлкөлөрдөн тапкан альтернативдүү өндүрүүчүлөрдүн баарында эле ЕАЭБдин тастыктамалары боло бербейт. Андыктан, уюмдун өлкөлөрүнө алып кире албайбыз. Биз ЕАЭБдеги ири рынок болбогондуктан, биздин ишканалар тастыктамаларды алуу боюнча чыгымдарын дайым эле көтөрө албайт. Анткени, алардын баасы бир кыйла жогору жана өндүрүшчүлөрдөн көптөгөн документтерди талап кылат".

Өкмөт Кыргызстандын экономикасы январь-июль айларында 11,1%га өскөнүн жар салууда. Эң жогорку өсүш кызмат көрсөтүүдө (27,5%) өнөр жайында (19,6%), иштетүү өндүрүшүндө (15%) жана соода тармагында (15,1%) болгон. Курулуштагы (8,2%), айыл чарбасындагы (6,4%), кен казуудагы (2,5%), транспорт тармагындагы (3,1%) жана байланыш тармагындагы (2,4%) өсүш инфляциянын деңгээлине жетпейт.

Уран Чекирбаев

Экономикалык талдоочу Уран Чекирбаев мамлекет аярлуу калкты инфляциянын капшабынан коргоп калууга батыл киришиши зарыл деп эсептейт.

"Бизде азыр курулуш секторун [өсүш] 64% деп айтып атышпайбы. Эгер инфляция 10% болсо, курулуш секторунда иштегендерге бул маселе болбойт. Анткени, курулуш секторунда маянаны ошого жараша жогорулатышы мүмкүн. Бирок, бизде 10%дан төмөн болгон толтура секторлор бар да. Айыл чарба секторунда өсүш 3-4%, инфляция 11% болсо, сенин тапкан акча-кирешелериң кууй албайт. Реалдуу тапкан кирешең инфляциядан төмөн болгондуктан, ошол секторлордо иштеген калктын, ишкерлердин, жумушчулардын реалдуу кирешеси төмөнүрөөк болот. Анан, бул жагынан маселелер көтөрүлүшү мүмкүн. Мен ойлойм, муну мамлекет алдын ала чараларды көрүшү керек".

Кыргызстан эн негизги социалдык маанилүү делген 9 азык-түлүктүн бешөө менен өзүн камсыздай алат. Буудай менен унду Орусия жана Казакстандан импорттойт. Андан башка да бир катар азык-түлүк товарлары боюнча чет элдик импортко көз каранды. Ошондуктан, эл аралык каатчылык, туруксуздук өңдүү тышкы жагдайлардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири ыкчам жана кесепеттүү болот.