Абактагы Равшан Жээнбеков саясий куугунтук токтобой жатканын айтты

Равшан Жээнбеков. Архив.

“Кой-Таш ишине” байланыштуу соттолуп, Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстанда бийликти сындаган саясатчы, журналист жана активисттерди куугунтуктоо токтобой жатканын билдирди. Бул тууралуу анын абактан жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Равшан Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхында бийлик элдик толкундоолордон кийин алмашып келатканын жазып, “2027-жылдын январь айында өтө турган президенттик шайлоодо атаандаштык болобу?” деп суроо берген. 2021-жылы өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгондордун дээрлик көбү соттолуп, айрымдары камакта отурганын кошумчалап, куугунтук токтобой жатканын жазган.

“Бийликти сындаган саясатчылардын, журналисттердин жана активисттердин өздөрүн гана камап чектелбестен, азыркы режим алардын үй-бүлөлөрүн, бала-чакасын, бир туугандарын жана жакын делген адамдарын кошо куугунтуктоо тарыхыбыздагы жаңы ачылыштардын бири болду. Ушундай катаал шарттар жана фактылар менен атаандаштык шайлоо саясий атаандаштык жаратуу мүмкүнбү?”, - деген ал.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы “Кой-Таш иши” боюнча кармалып, 2020-жылы жокко чыккан парламенттик шайлоодон кийин башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, үй камагынын талаптарын бузду деген негиз менен 2021-жылдын августунда кайра камалып, кайра декабрь айында Жазык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөрүүлөргө байланыштуу бошотулган.

2025-жылдын 3-июнунда “Кой-Таш ишине” байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 7 жыл 8 айга кескен. Ошол күндөн бери абакта отурат.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери чет жакта жүрөт. Биринчи май райондук соту аны “Кой-Таш иши” боюнча 11 жыл 6 айга кескен.

2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.

Президент Садыр Жапаров соңку интервьюсунда Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин, алдыда боло турчу президенттик шайлоого катышам дегендерге шарт түзүлөрүн айткан. (BTo)


Дагы караңыз

Бишкекте мыйзам бузуп жүргөн чет өлкөлүктөргө 1 млн 500 миң сомго жакын айып салындыКазакстанда өзбекстандык профессор тыңчылыкка шектелип жатканы кабарландыТрамп Путин "НАТО аймагына кол салбай турганын" билдирдиНепалдагы суу ташкыны: 389 кишинин сөөгү табылды, 900дөн ашууну дайынсыз “75чилердин иши”: Бишкек шаардык сотунда жети күбө сурак берди