Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарында Кыргызстанда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн чет өлкөлүк жарандарга 1 млн 500 миң сомго жакын айып пул салынганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы менен биргеликте 5-августтан 19-августка чейин “Нелегал” аттуу рейд өткөрүлдү.
Анын жыйынтыгында чет өлкөлүк жарандар болушу мүмкүн болгон турак үйлөр, коммерциялык объектилер жана башка жайлар текшерилип, шаардык милициянын бөлүмдөрүнө 156 чет өлкөлүк жеткирилген. Жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин, эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу” беренеси менен 97 административдик протокол түзүлүп, 1 млн 148,5 миң сом айып салынган.
20-августта мототранспорттор менен мыйзамсыз курьер болуп иштеп жүргөндөргө рейд болуп, 48 чет элдик жаран милицияга жеткирилип, 322 миң сом айып салынган.
13-21-август күндөрү Ысык-Көлдө ушундай эле иш-чаралар болуп, миграциялык мыйзамдарды бузган 303 адам аныкталып, аларга 2 млн 701 миң 500 сом айып салынган.
УКМК Кыргызстанга кирүү, каттоодон өтүү эрежелерин бузгандар, тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз иштеген чет өлкөлүктөр өлкөдөн чыгарылып, кийин кайра киришине тыюу да салынышы мүмкүн экенин эскерткен. (BTo)
Шерине