Кел-Сууда экологиялык талаптарды бузгандарга айып салынды

Кел-Суу.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Нарын облусундагы Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды сактоо боюнча рейд өткөрдү.

Министрлик анын жыйынтыгында айрым кайыктардын моторлорунан айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды чыгарып жатканы, жайыттарды автоунаа менен тебелөө фактылары аныкталып, 22 миң 500 сом айып салынганын кабарлады.

Мындан тышкары, көлдүн жээгинде кароосуз калып, сууну булгаган кайыктын эки мотору чыгарылды.

“Муну менен бирге инспекторлор тарабынан кайык айдагандарга, автоунаа
ээлерине жана туристтерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттарды жана
суу аймактарын бузбоо, машинени белгиленген жолдор менен гана айдоо
талап кылынды”, - деп айтылат маалыматта.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Кел-Суунун айлана-тегерегинде таштандылар чачылып, көлгө барчу жолдогу жайыт жерлер тебеленип жатканы тууралуу сүрөт, видеолор жарыяланган.

Кел-Суу көлү деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан. Көл 1980-жылы жүргөн жер көчкүдөн кийин пайда болуп, эриген мөңгүлөрдүн суусуна толгон. Көлдүн узундугу 9 чакырым, туурасы 500 метрден 2000 метрге чейин жетет. Тереңдиги 5-10 метрди түзөт. (BTo)

Дагы караңыз

Трамп Путин "НАТО аймагына кол салбай турганын" билдирдиКазакстанда өзбекстандык профессор тыңчылыкка шектелип жатканы кабарландыАбактагы Равшан Жээнбеков саясий куугунтук токтобой жатканын айтты“75чилердин иши”: Сотко Чыңгышев менен Касиев келдиБишкекте мыйзам бузуп жүргөн чет өлкөлүктөргө 1 млн 500 миң сомго жакын айып салындыНепалдагы суу ташкыны: 389 кишинин сөөгү табылды, 900дөн ашууну дайынсыз