АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Венесуэла менен бул өлкөнүн 65 млрд баррелден ашуун далилденген мунай запасына көзөмөл жүргүзүү тууралуу келишимге жетишкенин билдирди. Трамп бул тууралуу Truth Social социалдык тармагына 28-августта жазды.
Анын айтымында, келишим АКШнын мунай запасын эки эсе көбөйтүп, өлкөгө мунай жеткирүүнү кеңейтет жана америкалыктар үчүн бензиндин баасын кыйла төмөндөтөт. Трамп келишим америкалык салык төлөөчүлөргө кошумча чыгым алып келбей турганын да белгиледи.
Келишимдин толук шарттары азырынча ачыктала элек. АКШ администрациясынын өкүлүнүн CBS телеканалына билдиришинче, Венесуэланын убактылуу президенти Делси Родригес жеке биргелешкен ишканага мунай запасы болжол менен 63 млрд баррелди түзгөн кендерди иштетүүгө 100 жылдык концессия берүүдө.
Быйыл 3-январда АКШнын күч органдары Венесуэланын борбору Каракаста атайын операция жүргүзүп, өлкөдөн чыгарып кеткен ошол кездеги президенти Николас Мадурого, анын жубайына жана дагы төрт кишиге наркотерроризм, кокаин импорттоо, курал-жарак сактоо жана колдонуу тууралуу төрт пункттан турган айып тагылган. Андан кийин Трамп АКШ Венесуэланын мунайын сатууну саясий бийликти өткөрүп берүү процесси аяктаганга чейин көзөмөлдөй турганын билдирген.
Венесуэла дүйнөдөгү далилденген мунай запасы эң көп өлкө. Анын запасы болжол менен 303 млрд баррелге бааланат. Бирок мунай өндүрүү көлөмү 1990-жылдардын аягындагы эң жогорку көрсөткүчтөргө салыштырмалуу кескин төмөндөгөн.