Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

Ирандагы согушка алты ай: Санкциялар, Ормуз жана союздаштар

АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү тараткан 20-августтагы сүрөттө Араб деңизинде бараткан USS George Washington учак конуучу кемеси.
АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү тараткан 20-августтагы сүрөттө Араб деңизинде бараткан USS George Washington учак конуучу кемеси.

мазмуну

  • АКШ менен Израилдин Иранга абадан сокку урушу менен башталган согушка алты ай болду
  • Жаңжал дүйнөлүк энергетика базарына таасир этип, деңиз аркылуу жүк ташууну кыйындатты
  • Бирок согуштун качан жана кандай аяктары азырынча белгисиз
  • «Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен маектешкен эксперттер мындан аркы кырдаал төрт негизги маселеге байланыштуу болорун айтууда

Иран экономикалык басымга канчага чейин туруштук берет? Жаңжалды сүйлөшүү жолу менен токтотуу мүмкүнбү? Ормуз кысыгындагы абал кандай өзгөрөт? Орусия менен Кытай Ирандын аскердик күчүн калыбына келтирүүгө жардам береби?

«Экономикалык чабуул»

Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгынын башчысынын мурдагы орун басары, отставкадагы вице-адмирал Роберт Харвард азыркы кырдаалды «туруктуу» деп мүнөздөдү. Бирок, анын пикиринде, убакыт Тегерандын пайдасына иштеген жок.

«Убакыт алар үчүн эң чоң көйгөй», - деди Харвард «Эркин Европа/Азаттыкка».

Анын айтымында, узакка созулган экономикалык басым бара-бара Ирандын бийлиги үчүн ички коркунучка айланышы мүмкүн.

Декабрь-январь айларындагы жапырт нааразылык акцияларынын тутанышына күнүмдүк турмуштагы жана экономикалык көйгөйлөр түрткү болгон.

Бийлик ал демонстрацияларды ырайымсыз күч менен басып, миңдеген адамдар набыт болгон.

АКШнын каржы министри Скотт Бессент 24-августта Иранды мындан ары да обочолонтууга багытталган чараларды жарыялап, муну «экономикалык чабуул» деп атады. Бессент бул маселени 31-августтан 1-сентябрга чейин Түндүк Каролина штатынын Ашвилл шаарында өтө турган жыйында «Чоң жыйырманын» каржы министрлери менен талкуулайт.

Харварддын айтымында, эгер Тегеран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун, «Басиж» кошуундарынын жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлерине айлык төлөөдө кыйнала баштаса, экономикалык басым бийлик үчүн ички коркунучка айланышы мүмкүн.

Калк күйүүчү майдын жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлардын тартыштыгына туш болсо да абал курчушу ыктымал. Бул жагдайда Кытай негизги орунда турат.

Демократияны коргоо фондунун Экономикалык жана каржылык күч борборунун жетекчиси Элейн Дезенски Кытай менен Ирандын экономикалык алакасы олуттуу мааниге ээ экенин, бирок аны салттуу түшүнүктөгү аскердик-саясий союз деп атоого болбой турганын айтты.

Анын маалыматына караганда, Иран экспорттогон мунайдын 80% Кытай сатып алат. Бирок Иран мунайы Кытай импорттогон жалпы чийки мунайдын 12-13% гана түзөт.

«Эгер Кытай Ирандын мунайын сатып алууну токтотсо, мунун таасири өтө чоң болмок», - деди Дезенски.

Бээжин азырынча Тегеран менен соода мамилелерине байланыштуу АКШнын басымына каршы чыгып келет.

Дипломатия кайра жанданышы мүмкүнбү?

Кошумча аскердик операциялар толугу менен четке кагылган жок. Бирок расмий адамдар мындай чаралар өзүнүн мүмкүнчүлүгүнүн чегине жеткенин кыйытып жатышат. Башкача айтканда, сокку урула турган буталар дээрлик калган жок.

Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио июнда Ирандын аскердик-өнөр жай базасы «абдан талкаланып», анын мүмкүнчүлүктөрүнүн 80-90% жок кылынганын билдирген.

Президент Дональд Трамп алгач Ирандын ракеталары менен аларды учуруучу жабдуулардын 90% талкаланганын айткан. Кийинчерээк бул көрсөткүчтү 82% деп атаган. Ал Ирандын деңиз күчтөрү жок кылынганын да бир нече жолу кайталады.

Ошентсе да Ирандын колунда калган мүмкүнчүлүктөр Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин жүрүшүнө бөгөт коюуга жетиштүү болуп чыкты.

Демократияны коргоо фондунун Аскердик жана саясий күч борборунун улук директору Брэдли Боуман билдиргендей, негизги маселе Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн алсыратуу менен узак мөөнөттүү саясий натыйжага жетишүүнүн ортосундагы айырмада.

«Америка Жакынкы Чыгышта согушта жеңишке жеткени менен аны туруктуу саясий жыйынтыкка айландырууда кыйналып келет. Биз согуш талаасында жеңип, бирок сүйлөшүүлөрдө утулуп калабыз», - деди Боуман «Эркин Европа/Азаттыкка».

Анын айтымында, Ирандагы туруктуу саясий өзгөрүүлөр үчүн ирандыктардын өздөрү чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Ошол эле маалда Вашингтондун Иранга «миңдеген жана миңдеген» аскер жиберип, көп жоготуулар менен коштолгон операцияга узак убакыт чыдоого саясий эрки жок.

Боуман бул согуш АКШ канчалык көп курал-жарак колдонуп жатканын да көрсөткөнүн белгиледи.

Мындан улам башка ыктымал жаңжалдар үчүн жетиштүү көлөмдө чабуул коюучу жана коргонуу куралдары калабы деген суроо жаралууда.

Ирандан болсо бири-бирине карама-каршы билдирүүлөр түшүп жатат.

Айрым күчтөр, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусу Кошмо Штаттарда ноябрда өтө турган Конгресстин орто мөөнөттүү шайлоосуна чейин сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө кызыкдар эместей көрүнөт.

Ал эми диний бийликтин айрым таасирдүү өкүлдөрү соңку мезгилде экономикалык оорчулуктар жана дипломатияны кайра жандандыруунун мааниси жөнүндө бир нече жолу билдиришти.

Ирандын негизги таасир этүү куралы - Ормуз кысыгы

Кошмо Штаттардын Улуттук коргонуу университетинин Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия боюнча стратегиялык изилдөөлөр борборунун улуттук коопсуздук маселелери боюнча профессору Гаудат Бахгаттын пикиринде, соңку алты айдагы эң маанилүү окуя Ормуз кысыгынын Ирандын колундагы башкы соодалашуу куралына айланышы болду.

«Убактылуу келишимге кол коюлган күндө да ал убактылуу бойдон калат. Иран келечекте дагы кысыкты жабуу коркунучун колдонуп турат», — деди Бахгат.

Адатта Ормуз аркылуу дүйнөдөгү мунайдын, суюлтулган жаратылыш газынын жана башка маанилүү товарлардын бештен бир бөлүгү ташылат. Кысыктагы кырдаал дүйнөлүк базарда бензиндин баасын жогорулатып, АКШга да экономикалык басым жаратууда.

Ормуз кысыгынын эң кууш жери болгону 39 чакырымдай. Иран менен Оман Деңиз укугу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясында (UNCLOS) уруксат берилген эң жогорку чекке ылайык, жээктен 22,2 чакырымга чейинки аймакты өздөрүнүн аймактык суулары деп эсептейт. Демек, кысыктын бул бөлүгүндө эл аралык суулар жок.

Конвенция соода кемелеринин тоскоолдуксуз өтүү укугуна кепилдик берүүгө тийиш жана аларды бөгөөгө тыюу салат.

Бирок Тегеран бул конвенцияны ратификациялаган эмес жана анын талаптарын аткарууга милдеттүү эмес экенин билдирип келет. Вашингтон да конвенцияны ратификациялаган эмес.

Бахгаттын айтымында, Перс булуңундагы мамлекеттер экономикалык туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн Иранга кысыкта белгилүү бир роль берген макулдашууга макул болушу мүмкүн. Алар үчүн эң башкысы аймактагы абалды турукташтыруу.

Эң татаал суроо Вашингтон Ирандын кысыкка кандайдыр бир деңгээлде көзөмөл жүргүзүшүнө же бул суу жолунан экономикалык пайда табышына макул болобу?

Боумандын айтымында, соода кемелеринин капитандары менен камсыздандыруу компаниялары Ормуз кысыгын коопсуз жол деп эсептейби же жокпу, негизги маселе ушул.

Иранга кысыкты толугу менен жаап салуунун зарылдыгы деле жок. Маал-маалы менен жасалган ракеталык же дрон чабуулдары камсыздандыруунун баасын кымбаттатып, кемелердин бул жол менен өтүшүн азайтышы мүмкүн.

Ал эми Перс булуңундагы өлкөлөрдүн инфраструктурасына жасалган соккулар Вашингтон менен кызматташкан мамлекеттерге кошумча басым жаратат.

«Ошентип, Иран биздин араб өнөктөштөрүбүздү Вашингтонго басым көрсөтүүнүн куралына айлантууда», - деди Боуман.

Иранга Орусия менен Кытай жардам береби?

Ирандын чет өлкөлүк өнөктөштөрү анын аскердик күчүн калыбына келтирүүгө жардам бере алабы?

Боуман Кытайдан жөнөтүлгөн химиялык заттарды, ошондой эле Орусия берген бута тууралуу маалыматтарды колдоону жардамдын күчөп жатканынын белгиси катары атады. Анын айтымында, Москва Иранга Су-35 согуштук учактарын берүүнү караштырып жатат. Ал эми Бээжин аскердик да, жарандык да максатта колдонулуучу материалдарды гана эмес, даяр курал-жарак менен ок-дары да жөнөтө башташы мүмкүн.

Эксперт кошумчалагандай, Кытай менен Орусиянын Иранды мындан ары канчалык колдой турганы АКШнын ыктымал жообуна байланыштуу болот.

«Кытай баарынан мурда АКШнын экинчи даражадагы санкцияларынан коркот», - деди Боуман.

Бессенттин билдирүүсүндө мындай санкциялар киргизилиши мүмкүн экени кыйытылган. Бирок ага жооп катары Кытай да чара көрүшү ыктымал. Ошондуктан Вашингтон басымды канчалык күчөтүүгө даяр экени белгисиз.

Боумандын эсебинде, Ирандын аскердик күчүн калыбына келтирүү маселесин аны колдогон башка өлкөлөрдөн бөлүп кароого болбойт.

Ал жетектеген изилдөөгө ылайык, 2019-жылдын январынан 2025-жылдын декабрына чейин Кытай, Орусия, Иран жана Түндүк Кореянын ортосунда коопсуздук жаатындагы кызматташтыкка байланыштуу 616 факт катталган.

Ага курал-жарак иштеп чыгуу жана жөнөтүү, биргелешкен аскердик машыгуулар, чалгын маалыматтарын бөлүшүү жана аскердик дипломатия кирет.

Шерине

XS
SM
MD
LG