Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын Тибет автономдуу районунда жана Непалда болгон селден адамдардын каза болушуна байланыштуу эки өлкөнүн президенттерине көңүл айтты.
Мамлекет башчы Кытайдын лидери Си Цзиньпинге жолдогон телеграммасында Тибеттин Шигадзе шаардык округуна караштуу Гиронг уездинде болгон селден адамдардын өмүрү кыйылып, айрымдары дайынсыз жоголгонун терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.
Ошондой эле Садыр Жапаров Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жолдоп, өлкөнүн чек ара аймактарында селдин кесепетинен ири кыйроолор болуп, көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтып, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалады.
26-августта Непал–Тибет чек арасында күтүүсүз катуу суу ташкыны жана сел жүрүп, бүтүндөй айылдарды жууп кеткен. 29-августка карата акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 584–626га жеткени, ал эми 2400дөн ашуун адам дайынсыз болуп жатканы кабарланууда. Сандар булактарга жана жаңыланган эсепке жараша айырмаланууда.(ZKo)