Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тынч өткөрүү жоопкерчилиги Ички иштер министрлигине (ИИМ) жүктөлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында аталган эки ири иш-чаранын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган күч органдарынын гарнизондук бөлүштүрүүсүндө сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Мамлекет башчысы ШКУ саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тынч жана тартип бузуусуз өткөрүү башкы милдет экенин белгиледи. Бул максатта Ички иштер министрлиги жооптуу болуп бекитилип, бардык күч түзүмдөрүн бириктирген "Коопсуздук" иш-чарасы башталганын айтты. Анын алкагында Ички иштер, Коргоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, прокуратура, Салык, Бажы, Жаза аткаруу, Чек ара кызматтарынын жана Сот департаментинин жалпы 15 миң кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти.
Ала-Тоо аянтындагы күч кызматкерлери. Бишкек. 29-август, 2026-жыл.
"Мындай өзгөчө шартта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо — катардагы эле кызматтык милдет эмес, мамлекеттик маанидеги чоң жоопкерчилик", - деди Садыр Жапаров.
Президент күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган жерлерде коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздап, укук бузууларга жол бербөөгө чакырды. Ошондой эле жарандарга сылык мамиле жасап, алардын кайрылууларына ыкчам жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, Жапаров күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине өздүк курамдын тартибине да көңүл буруп, жүктөлгөн милдеттердин так аткарылышын камсыздоону тапшырды.
Президент өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири темирдей бекем тартип экенин белгилеп, өлкөнүн туруктуулугуна шек келтирүүгө аракет кылган күчтөргө каршы катуу чара көрүү зарылдыгын эскертти.
"Өлкөбүздү ары-бери чайпалткысы келген тышкы күчтөргө азгырылып, алардан эмгек акы алып, элди дүрбөлөңгө салгысы келген арабыздан чыккан саналуу эл душмандарын катуу жазалашыбыз керек. Андайларга ырайым болбойт!" - деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчы күч түзүмдөрүнүн иштөө шарттары жакшырып, кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлгөнүн, материалдык-техникалык базасы чыңдалып, санарип технологиялар менен камсыздалганын белгилеп, күч түзүмдөрүн жогорку кесипкөйлүк жана жоопкерчилик менен кызмат өтөөгө чакырды.
30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.
Ошондой эле Кыргызстанда быйыл VI Көчмөндөр оюндары өткөнү турат. Анын ачылышы 31-августта Бишкекте, калган спорттук иш-чаралар 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) өткөрүлөт.
Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышарын кабарлаган.(ZKo)