30-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19°, күндүз 32…37°;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 28…33°;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22°, күндүз 32…37°;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16°, күндүз 24…29°;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11°, күндүз 25…30° болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 33…35° болот.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 24…26° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 28-августта күндүз 23,5°, 29-августта эртең менен 21,5° түздү.