Непалдын бийлиги суу ташкыны жана селден кийин тек-жайы аныкталбай жаткан 226 сөөктү жерге берүү чечимин кабыл алды. 26-августтагы кырсыктан кийин аларды издеп келгендер болгон эмес. Суу ташкыны болгон аймактагы өлүкканалар толуп калгандыктан, сөөктөрдүн көбүн сыртта сактоого туура келүүдө. Тек-жайы белгисиз курмандыктарды жерге берүү чечими кабыл алынды, анткени сөөктөр чирип баштап, инфекция жайылуу коркунучун жаратууда.
Ишембинин таңындагы маалыматка караганда, өлүкканаларда 626 сөөк жатат. Куткаруучулар жабыркаган райондордон каза болгондордун сөөгүн табуу аракетин улантууда. Суу ташкын учурунда эң көп зыян тарткан Читван районунун Коопсуздук комитети аты-жөнү аныкталбаган сөөктөрдү жашырууга жер бөлүп берди. Жерге берилер алдында бардыгынын ДНК анализдери алынат.
The Kathmandu Post басылмасынын маалыматына караганда, табигый кырсыктан катуу жабыркаган аймактардагы ооруканалардын өлүкканалары сөөктөрдү кабыл алууга үлгүрбөй калгандыктан, башка райондорго жөнөтүүгө аргасыз болууда. Суу ташкыны адамдарды бир нече чакырым агызып кеткендиктен, издөө иштери дагы татаалдашып жатат.
3000 кишинин дайыны чыкпай жатат, алардын 500дөйү чет элдик жарандар. Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун маалыматы боюнча, бул окуя жалпысынан 90 миңдей адамга таасирин тийгизиши мүмкүн. Суу жана ылай бүтүндөй айылдарды, ошондой эле Кытай менен Непалдын ортосундагы чек ара өткөрүү пунктун талкалап салган.
26-августта Непал–Тибет чек арасында күтүүсүз катуу суу ташкыны жана сел жүрүп, бүтүндөй айылдарды жууп кеткен.