“Мадина” базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки куткаруучу жараат алды

"Мадина" базарында өрт чыкты. Сүрөт: ӨКМ

Бишкектеги “Мадина” базарындагы өрт саат 14:23тө чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, өрт өчүрүү учурунда эки куткаруучу жеңил жараат алды. Алардын абалы туруктуу экени кабарланды. Өрттүн аянты болжол менен миң чарчы метрден ашык аянтты түзгөн. Аталган мекеме дагы кошумча маалымат берилерин билдирди.

30-августта эртең мененки саат 9дарга жакын ӨКМге базарда өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Аны өчүрүүгө жалпысынан 10 бөлүм тартылды.

Жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев координациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Мадина" базарындагы өрт чыккан жерде соодагерлер менен жолугушуп, өрттөн жабыркагандар аныкталып, жардам берилерин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн чыгышына электр зымдарындагы чукул туташуу себеп болушу мүмкүн. Окуянын так себептерин аныктоо үчүн видеобайкоо камераларындагы жазуулар изилденет. Милиция териштирүү башталганын кабарлады. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкектеги "Мадина" базарында өрт чыктыБишкек мэри өрт чалган "Мадина" базарынын соодагерлерине жардам берилерин айттыКытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталдыИИМ Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилерин эскертти