Непал, Тибет: суу ташкындан каза болгондор 750гө жетти, үч миңден ашууну дайынсыз

Непалдагы Лиху-Хола дарыясынын жээгиндеги ылайга баткан жана зыян тарткан имараттар, 2026-жылдын 30-августу.

Непал жана Тибетте суу ташкын жана селден каза болгондордун саны 750гө жетти, үч миңден ашуун кишинин дайыны чыкпай жатат. Reuters агенттиги эл аралык Кызыл Чырым уюмунун маалыматыка таянып, табигый кырсыктан 90 миңден ашуун киши жабыркаганын жазды. Непал 734 киши каза болгонун, 2498 кишинин дайынсыз болуп жатканын билдирүүдө. Кытай тараптын маалыматына караганда, 16 киши каза болуп, 546сы дайынсыз болууда. Алардын арасында жүздөгөн чет элдиктер бар.

Катаклизмден кийин эки өлкөнүн чек арасында тосулуп калган көл пайда болду. Жекшемби күнү эртең менен Кытай бийлиги суу жээктен ашып кеткенин, бирок кырдаал туруктуу экенин жарыялады. Жума күндөн бери аба ырайына байланыштуу жана көл кошумча суу каптоого алып келиши мүмкүн деген кооптонуулардан улам куткаруу иштери бир нече жолу токтотулду.

Набыт болгондордун көптүгүнөн Непалдын өлүкканалары толуп калды. Жергиликтүү бийлик тек-жайы белгисиз курмандыктарды жерге берүү чечимин кабыл алган, анткени сөөктөр чирип баштап, инфекция жайылуу коркунучун жаратууда. Мунун алдында туугандары издеп калышы мүмкүн деген негизде ар бирин сүрөткө тартып, ДНК анализи алынууда. Полиция Reuters агенттигине табылган сөөктөрдүн теңинен көбүн таанып, аныктоо мүмкүн эмес экенин билдиришкен.

Кырсыктын так себептери азырынча аныктала элек. Окумуштуулардын божомолунда, мунун баары Непалдагы Лангтанг-Лирунг тоосунун түндүк капталында ири көлөмдөгү муз жана таштын кулашынан башталган болушу ыктымал. Кар көчкү Лендхе-Кхола дарыясына түшүп, суу ташкынын пайда кылышы мүмкүн.

CCTV окумуштууларга таянып, суу ташкынына "глобалдык жылуулуктун узак мөөнөттүү таасиринен улам келип чыккан мөңгүнүн туруксуздугу" себеп болгонун билдирди.

26-августта Непал–Тибет чек арасында күтүүсүз катуу суу ташкыны жана сел жүрүп, бүтүндөй айылдарды жууп кеткен.

Дагы караңыз

ДКО 2026: Кыргызстандын туусун Мусабек уулу Азисхан көтөрүп чыгат31-августтун аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөтБишкек мэри өрт чалган "Мадина" базарынын соодагерлерине жардам берилерин айттыГермания Орусияны Лейпциг аэропортундагы диверсия үчүн айыптоону көздөп жатат