Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстанга келди

Масуд Пезешкиан.

31-августта Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Масуд Пезешкиан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт. Кыргызстанга жыйырмадан ашык өлкөнүн лидерлери келип, алар жаңы салынган “Бишкек арена” стадионунда көчмөндөр оюндарынын ачылышына да катышат.

2001-жылы түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргыз-кытай чек арасындагы Үзөңгү-Кууш суусуна көпүрө курулатОрусиянын полициясы Москва метросунда 140 мигрант кармалганын билдирдиСадыр Жапаров менен Си Цзинпин Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту Мэр Жунушалиев борбордо таштанды иштеткен дагы бир завод куруларын айттыНепал, Тибет: суу ташкындан каза болгондор 750гө жетти, үч миңден ашууну дайынсызБелгороддо ЖЭБге жана Ozon'дун кампасына ракета менен сокку урулду, каза тапкандар бар Украинанын Башкы штабы: Орусия өткөн суткаларда миңден ашуун аскерин жана беш танкын жоготтуГермания Орусияны Лейпциг аэропортундагы диверсия үчүн айыптоону көздөп жатат