Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Оюндун ачылыш аземи жаңы салынган 51 миң кишилик “Бишкек Арена” стадионунда өтүп жатат.
6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн, анын ичинде Австралия, Азербайжан, Армения, Аргентина, Бангладеш, Бахрейн, Грузия, Индия, Индонезия, Иран, Испания, Казакстан, Монголия, Польша, Орусия, АКШ, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин спортчулары арыз берген.
Жалпысынан 3 миңге жакын спортчу катышары кабарланган. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жобосуна ылайык, спорттун 42 түрү бекитилген.
Мамлекеттик тууну улуттук кыргыз күрөш боюнча курама команданын мүчөсү, дүйнө жана эл аралык мелдештердин көп жолку чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча эмгек сиңирген спорт чебери Мусабек уулу Азисхан көтөрүп чыкты.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн.
2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган.
"Бишкек Арена" стадионунун курулушу 2023-жылдын 30-августунда башталган. Ал үчүн Орок айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүнгөн. Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил машина жана 100 автобус токтотуучу жай бар.