"Алда канча кооптуу". Орусиянын реактивдүү дрондору, Украина туш болгон жаңы сыноо

Герань дрондору. Орусия, Орлов облусу.

Реактивдүү кыймылдаткычтын күркүрөгү аба чабуулу тууралуу коңгуроо жаңырып жаткан маалда темир жолдо токтоп калган украин поездинин үстүнөн жаңыра түштү. Ошол учурда ондогон жүргүнчү жакын жердеги токойдун арасында жашынып турушкан. Көз ачып жумганча кара дрон локомотивге келип тийди. Поездди жалын каптап, жүргүнчүлөр ал жерден шашылыш чыгып кетүүгө мажбур.

Окуя тартылган видеону интернетке Украина президенти Владимир Зеленскийдин коргонуу технологиялары боюнча кеңешчиси быйыл 23-июлда жарыяланган. Анын айтымында, бул Орусиянын соңку аскердик жаңы технологияларынын бири - "Шахед Сикер" дрону болушу мүмкүн.

Орусча "Герань-4" деп аталган бул учкучсуз аппарат Иран чыгарган "Шахед" дронунун дагы бир модификациясы. Тегеран аны Москвага Орусиянын Украинага каршы 2022-жылы башталган толук масштабдуу кол салуусунун алгачкы этабында берген.

Ал кезде "Шахед" дрондору согуш жүргүзүү ыкмаларын өзгөртүп, Украинанын аскерлерин абадан коргонуу системаларын өнүктүрүүгө жана чоң масштабдагы, көп учурда өлүмгө алып келген аба соккуларына ылайыкташтырууга мажбур кылган.

Азыр мындай дрондор Орусияда жапырт жасалууда. Акыркы бир жылда алардын айрымдары, анын ичинде "Герань-4", реактивдүү кыймылдаткычтар жана аралыктан башкаруу системалары менен жабдылып, Киевдин алдында жаңы технологиялык көйгөй жаратып турат.

"Олуттуу көйгөй"

Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушунун бешинчи жылында да Киевди Владимир Путиндин талабын кабыл алдырууга мажбурлоо аракети менен тынымсыз бомбалоосун улантып келет.

Бирок соңку эки айда Орусиянын согушуу ыкмасында олуттуу өзгөрүү болду: Украинага каршы аба чабуулдарында негизинен пайдаланылып келген "Шахед" дрондорунун саны кеминде эки эсе азайганы менен, куралдын бул түрүнүн коркунучу кыйла өстү.

Орусия колдонуп жаткан учкучсуз аппараттарынын көбү мурдагыдай эле ички күйүүчү кыймылдаткыч менен жабдылган жана украин абадан коргонуу системалары үчүн кадимки буталардын бири бойдон калууда. Бирок украин аскерлеринин маалыматына караганда, июль айында реактивдүү кыймылдаткычы бар дрондордун саны беш эсе көбөйдү.

Орусиянын дрон соккуларына каршы күрөшүү боюнча ири кайрымдуулук долбоорунун аскерлер менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Данило Шенгельский "Азаттыкка" курган маегинде мындай дрондор бар экени белгилүү болгонун, бирок орус тарап аларды массалык түрдө чыгара албайт деген ишеним да болгонун айтты:

"Бул олуттуу көйгөй. Айрым аймактарда реактивдүү "Шахеддер" колдонулуп жаткан дрондордун көпчүлүгүн түзөт. Биз реактивдүү "Шахеддер" бар экенин билчүбүз. Бирок аскердик чөйрөдө орустар кымбатыраак турбореактивдүү кыймылдаткычтарга муктаж болгондуктан өндүрүштү кеңейте албайт деген пикир үстөмдүк кылып келген".

Учурда коомчулукка Орусиянын реактивдүү дрондорунун үч түрү белгилүү. Алар: "Герань-3", "Герань-4" жана "Герань-5".

Украинанын "Мілітарний" басылмасынын маалыматына караганда, Орусия акыркы эки моделди айына болжол менен үч миң даанадан чыгарууда.

"Герань-3" негизинен мурдагы "Шахеддин" реактивдүү кыймылдаткыч орнотулган версиясы болсо, андан кийинки моделдер кыйла жаңы жана аларда ылдамдык жагынан олуттуу артыкчылык бар.

Украин аскердик чалгын кызматынын өкүлүнүн айтымында, "Герань-4" саатына болжол менен 350 чакырым ылдамдыкта уча алат. Ал эми "Герань-5" саатына 600 чакырымга чейин ылдамдык топтоп, 950 чакырымга чейин учууга жөндөмдүү.

Мурдагы версиялар алдын ала берилген координаттар боюнча гана учурулса, жаңы дрондор кошумча технологиялардын жардамы менен онлайн режиминде башкарылат.

"Алар оператор көрсөткөн буталарга түз сокку урууга жөндөмдүү", - деди украин өкүлү.

Орус аскерлери бул үчүн MESH-модемдерди колдонуп жатат.

Маектештин айтымында, мындай модем болжол менен 3500 доллар турат. Бул Украина колдонуп жаткан Starlink терминалдарынан кыйла кымбат болгону менен дрондорду Орусиянын аймагындагы же Украинанын басып алынган бөлүктөрүндөгү башкаруу пункттарынан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Украинанын Аскердик чалгын башкармалыгынын өкүлү Орусиянын реактивдүү дронунан алынган MESH-модемди "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматына көрсөтүүдө.

MESH системасы менен жабдылган дрон бир станциядан сигнал алып, аны кийинки дронго өткөрө алат. Ал өз кезегинде сигналды андан ары берет. Ошентип чынжыр пайда болот. Бирок ар бир өткөрүүдө сигналдын күчү азайып, бул аралыкты чектейт.

Украин чалгын кызматынын маалыматына караганда, Орусия жаңы технологияларды колдонуунун эң натыйжалуу жолдорун тынымсыз издеп жатат. Маселен, дрондор чек арадан эң жогорку ылдамдыкта жана белгилүү бийиктикте өтүшөт, бирок бутага жакындаганда өтө төмөн бийиктикке түшө алат.

Шенгельскийдин айтымында, туруктуу байланыш жана видеокөзөмөл операторлорго кырдаалды реалдуу убакытта көрүүгө жана эң маанилүү буталарды тандап сокку урууга мүмкүнчүлүк берет:

"Бул Украина үчүн дагы чоң көйгөй жаратат. Анткени алар кырдаалга ыңгайлашып, алда канча натыйжалуу сокку урууга жөндөмдүү болуп жатышат".

Ал ошондой эле мындай дрондорду ири масштабда жана ишенимдүү түрдө тосуп калуунун эффективдүү ыкмасы азырынча жок экенин кошумчалады.

Негизги буталар

Франциялык OSINT-аналитик Клеман Молендин айтымында, быйыл жайында Орусиянын реактивдүү дрондорунун негизги буталарынын бири Украинанын энергетикалык инфраструктурасы болду.

"Алардын максаты Украинанын өнөр жайынын ишин үзгүлтүккө учуратуу", - деди ал.

Молендин пикиринде, күз келип, суук башталганда энергетикалык объектилерге каршы жаңы соккуларды күтүүгө болот.

Карнеги фондунун улук изилдөөчүсү Дара Массикот да "Герань-4" жана "Герань-5" Украина үчүн олуттуу көйгөй экенин белгилөөдө.

Анын айтымында, өндүрүш көбөйгөн сайын бул коркунуч кыш мезгилинде дагы күчөйт. Жогорку ылдамдыгы, чоңураак жүк көтөрө алгандыгы жана алыскы аралыктан башкаруу мүмкүнчүлүгү аларды кармап калууну татаалдаштырат.

Төрт жылдан бери кышкысын Орусия Украинанын энергетикалык системасын жарактан чыгарып салууга аракет кылып келди. Миңдеген адамдар катуу суукта жарыксыз жана жылуулуксуз калып жатты.

Молен ошондой эле Орусия жакындан бери дагы бир багытты негизги бута катары көрө баштаганын белгиледи. Ал - логистика.

"Орусия чындыгында логистикалык объектилерди дрон менен бутага алууда. Бул салыштырмалуу жаңы көрүнүш", - деди адис.

Анын айтымында, июль айында Орусия Украина боюнча болжол менен 60 кампага сокку урду. Алардын ичинде супермаркеттин кампасы, дрон өндүрүүчү объектилер жана аскердик, жарандык өнөр жайлар колдонгон кампалар болгон.

Ошондой эле транспорт объектилери, өзгөчө Днепропетровск облусундагы поезддер, Одесса жана Николаев шаарларындагы деңиз порттору бутага алынган.

Мындай соккулар темир жол каттамдарынын кечигишине алып келип, Киев менен чыгыш аймактардын ортосундагы негизги маршруттардын ишине тоскоол болду.

Бир коркунучтун ордуна экинчиси

Орусия реактивдүү дрондорунун технологиясын өркүндөтүүнү улантып жаткан шартта Киев аларга каршы ыңгайлуу жана арзан чечим табууга аракет кылууда.

"Азыркы тапта дрон соккуларын токтотуп калуу багытында иштеген бардык аскердик кызматтар ушул көйгөйдү чечүү жолдорун издеп жатат", - деди Шенгельский.

Анын айтымында, жаңы "Герань" дрондорун атып түшүрүү жолдорун көптөгөн украиналык өндүрүүчүлөр издеп, сынап көрүүдө, бирок азырынча ишенимдүү жана масштабдуу чечим жок.

21-августта Украинанын Коргоо министрлиги реактивдүү дрондорду токтотуп калуучу алгачкы Alexa Spatium иштелип чыкканын жарыялаган.

Ошол эле учурда Украинада абадан коргонуу багытында бир нече долбоор да жүргүзүлүп жатат.

Башкы командачынын орун басары Андрей Лебеденконун айтымында, жаңы системалардан тышкары аралыктан башкарылуучу мунаралар, программаланган жардыргычтары бар ок-дары, зениттик комплекстерди жана ракета системаларын жаңылоо иштери жүрүп жатат.

"Биз курал алып жүрө турган авиациялык типтеги платформаларды иштеп жатабыз. Алар саатына 300дөн 800 чакырымга чейинки ылдамдыкта учуп, реактивдүү "Шахеддер" иштеген бийиктиктерде маневр жасай алат. Бул эң масштабдуу чечим. Аны массалык өндүрүшкө чыгарып, экономикалык жактан да пайдалуу кылууга болот", - деди Лебеденко.

Шенгельский Орусиянын кийинки коркунучу дагы олуттуу болушу мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, бул гибриддик дрон менен канаттуу ракетанын айкалышы болот жана Украина реактивдүү дрондорго каршы натыйжалуу жооп тапкандан кийин аларды дал ушундай курал алмаштырышы мүмкүн.

Чынында эле Орусия азыртан эле, мисалы, Харьков жана Одесса облустарына жасалган чабуулдарда "Бандероль" деп аталган ошондой системаны колдонууда.

"Биз канчалык көп реактивдүү "Шахедди" кармасак, ошончолук көп "Бандероль" пайда болот. Алар саатына 550-600 чакырым ылдамдыкта учат. Ошондуктан аларды тосуп калуучу дрондор менен жок кылуу дээрлик мүмкүн эмес", - деди Шенгельский.

Анын айтымында, Украинанын аба күчтөрүндө жана абадан коргонуу бөлүктөрүндө дагы эле зениттик ракеталар тартыш болууда.

Батыштын тетиктери, орус дрондору

Эксперттердин пикиринде, реактивдүү дрондорго каршы күрөштүн дагы бир жолу алардын учургучтарын, башкаруу борборлорун жана Татарстандагы "Алабуга" заводун бутага алуу болушу мүмкүн.

Мындай дрондор дал ошол заводдо чыгарылат.

Украин күчтөрү быйыл Орусиянын аймагындагы жана басып алынган украин жерлериндеги аскердик объектилерге, мунай-газ ишканаларына алыстан сокку урууну күчөттү.

Ошол эле учурда технологиялык чечим табуу үчүн Киев Батыштагы өнөктөштөрү менен да иштөөгө туура келиши мүмкүн. Анткени орусиялык "Герань" дрондорунда колдонулган көптөгөн тетиктер Батыш өлкөлөрүндө чыгарылган.

Орусия айрым компоненттерди өзү өндүрүүгө аракет кылып жатат. Бирок негизги бөлүгү дагы эле АКШдан, Германиядан, Жапониядан, Швейцариядан жана башка өнүккөн өлкөлөрдөн чыгат. Кытай компоненттери алардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Орусиянын “Герань-4” дронунан алынган чет өлкөдө жасалган электрондук тактадагы өчүрүлгөн маркировкалар.

Мисалы, украин чалгын кызматынын өкүлү билдиргендей, Орусия алгачкы "Герань" дрондорунда Германиянын Infineon компаниясынын компоненттерин колдонгон жана алар азыркы моделдерде дагы сакталган. Батыш өлкөлөрүндө жасалган тетиктердин үстүндөгү завод белгилери лазер менен өчүрүлүп салынган.

"Белгилерди өчүрүү менен алар кайсы партиядан чыкканын жана Орусияга кандай жол аркылуу жеткенин аныктоого мүмкүнчүлүк берчү маалыматтарды жашырышат", - деди ал.

Маектештин айтымында, Украина кээ бир тетиктер бир кезде жоголуп кетип, кийинчерээк кайрадан пайда болуп жатканын байкоодо. Айрымдары болсо кытайлык окшош тетиктер менен алмаштырылууда.

Мындай жагдай санкцияларга карабай керектүү компоненттерди алуу үчүн Москва үчүнчү өлкөлөр аркылуу багыттарды жөнгө салып алганын көрсөтөт.

Ошого карабастан, украин чалгын кызматы санкциялар пайдалуу экенин белгилейт.

"Алар иштеп жатат. Эгер санкциялар зарыл компоненттерге жетүүнү кыйындатпаганда, мындай системалардын саны дагы көбөйүп, технологиялык өнүгүү мындан да ылдам болмок", - дешти мекеменин өкүлдөрү.

Макаланын авторлору:

Donbas.Realities жана Roman Pahulych