Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШ июнь келишиминдеги милдеттенмелерин аткарса Тегеран дагы аны аткарууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал 1-сентябрда Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде жана "ШКУ плюс" жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Пезешкиан кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү Вашингтондон көз каранды экенин белгилеп, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү пикир келишпестикти жөнгө салуунун негизги жолу деп эсептей турганын кошумчалады:
"Бирок ак ниеттүү, өзүнө алынган милдеттенмелерди урматтоодон жана күч колдонуудан баш тартпаган дипломатия туруктуу тынчтыкты камсыз кыла албайт".
Бүгүн, 1-сентябрда, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунда өттү. Жыйындын соңунда 28 документ кабыл алынып, кол коюлду.
Саммитке Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын, Беларустун, Ирандын президенттери, Кытайдын төрагасы жана Индия менен Пакистандын премьер-министрлери катышты.
Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Ушул эле күнү “ШКУ+” форматындагы жолугушуу дагы өтүүдө.
2001-жылы Бээжиндин жана Кремлдин демилгеси менен түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. ШКУга мүчө 10 мамлекетте жалпысынан 3,4 миллиардга жакын адам жашайт.
Быйыл 28-февралда Израил менен АКШ Иранга чабуул баштап, Тегеран ага жооп кайтарып, Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку ура баштаганда дүйнөлүк мунай жана газдын 20% ашууну ташылган Ормуз кысыгы жабылган. Бул дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташын шарттады.
Июнь айында АКШ менен Иран 60 күнгө ок атууну токтотууну жана Ормуз кысыгын ачууну караган меморандумга кол коюшкан. Макулдашууларга карабастан тараптар сокку урууну улантышкан. Август айында Вашингтон Тегеранга каршы экономикалык кысым көрсөтүүнүн жаңы өнөктүгүн жарыялаган. Иран бийлиги муну "экономикалык терроризм" деп атаган. (КЕ)