Орусияда жол кырсыгынан бир кыргыз жараны каза болуп, бешөө жаракат алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 1-сентябрда Орусиянын Саратов облусунун Совет районундагы Пушкинское айылында эки автоунаа кагышып, жол кырсыгынан 46 жаштагы (С.А.) кыргыз жараны каза болгонун кабарлады. Элчиликтин маалыматына ылайык, ал окуя болгон жерге “Тез жардам” келгенге чейин эле үзүлгөн.

Кырсыктан андан тышкары Кыргызстандын дагы беш жараны (А.А., А.Р., С.М., М.Г., Т.У.) жаракат алып, Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. Алардын ичинен төрт адам алгачкы медициналык жардам алып үйүнө чыгарылып, бир бейтап оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган. Абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Элчилик каза болгон жарандын жакын туугандары менен байланышып, зарыл консулдук көмөк көрсөтүү жана сөөгүн мекенине жеткирүү маселелери боюнча иш алып барып жатканын кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

Лейпцигдеги диверсиядан кийин Германия Орусиянын эки мекемесин жабуудаЖК Асаналиевди УКМК төрагасы кызматына дайындоого макулдук бердиПутин мобилизация тууралуу маалыматтарды төгүндөдүПольшада дрон тетиктерин чыгарган заводдогу өрт диверсия катары иликтенүүдөПутин Жапаровго Кыргызстанда орус тилин колдогону үчүн ыраазычылык билдирдиПутин Арменияны ЕБге кошулуу же ЕАЭБде калуу боюнча референдум өткөрүүгө дагы бир жолу чакырды