Кочкор-Атада дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

2-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдындагы жалпы пайдалануудагы дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылды.

Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Факты Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ымыркай аман-эсен куткарылып, ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө наристени төрөп таштап кеткен 35 жаштагы (Г.Т.) аял киши аныкталып, тергөөгө жеткирилген. Ушул тапта окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Орусияда жол кырсыгынан бир кыргыз жараны каза болуп, бешөө жаракат алдыБишкекте Кыргызстан-Пакистан кызматташтыгы талкуулануудаЛейпцигдеги диверсиядан кийин Германия Орусиянын эки мекемесин жабуудаЖК Асаналиевди УКМК төрагасы кызматына дайындоого макулдук бердиПутин мобилизация тууралуу маалыматтарды төгүндөдүПутин Жапаровго Кыргызстанда орус тилин колдогону үчүн ыраазычылык билдирдиПутин Арменияны ЕБге кошулуу же ЕАЭБде калуу боюнча референдум өткөрүүгө дагы бир жолу чакырды