Кырчын жайлоосунда "Көчмөндөр ааламы" этно-шаарчасы ачылды

Кырчындагы "Көчмөндөр ааламы" этно-шаарчасы. 2-сентябрь, 2026

Бүгүн, 2-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда "Көчмөндөр ааламы. Жандуу мурас" аттуу этно-шаарчасы ачылды. Ачылыш аземге катышкан министрлерк абинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев шаарчага салынган жол "туризмге, тарыхты таанытууга кызмат кыларын белгиледи.

"Бүгүн Кырчындын төрүндө көчмөн цивилизациясынын тарыхын, маданиятын, наркын жана өнөрүн бириктирген "Көчмөндөр ааламы" этно-шаарчасы салынып, жолу жаңыланды. Бул иштер бир күндүк иш-чара үчүн эмес, жаңы жолдор туризмге, шаарча бабалар мурасын таанытууга кызмат кылат”, - деди Касымалиев.

Кырчындагы "Көчмөндөр ааламы" этно-шаарчасы. 2-сентябрь, 2026

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы 31-августта 51 миң кишилик “Бишкек арена” стадионунда болду.

6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн, анын ичинде Австралия, Азербайжан, Армения, Аргентина, Бангладеш, Бахрейн, Грузия, Индия, Индонезия, Иран, Испания, Казакстан, Монголия, Польша, Орусия, АКШ, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин спортчулары арыз берген.

Кырчындагы "Көчмөндөр ааламы" этно-шаарчасы. 2-сентябрь, 2026

Жалпысынан 3 миңге жакын спортчу катышары кабарланган. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жобосуна ылайык, спорттун 42 түрү бекитилген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн.

2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган. 2028-жылы Татарстанда, Казан шаарында өтөрү айтылды. (КЕ)

Дагы караңыз

Быйыл ата-энелер декадасында эрте нике, зомбулукту алдын алууга көңүл бурулатКочкор-Атада дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылдыОрусияда жол кырсыгынан бир кыргыз жараны каза болуп, бешөө жаракат алдыБишкекте Кыргызстан-Пакистан кызматташтыгы талкууланууда