Токтогул районунда жол кырсыгынан алты адам мүрт кетти

Жол кырсыгы тартылган видеодон алынган кадр.

1-сентябрда Бишкек - Ош автожолунда жол кырсыгынан алты адам мүрт кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККБ) билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Токтогул районунда болгон. KIA K5 үлгүсүндөгү автоунаа машинелерди озуп өтүү учурунда оор жүк ташыган унаа менен сүзүшүп, KIA K5тин ичиндеги алты киши мүрт кеткен. Жүк ташыган машине Toyota Land Cruiser унаасы менен да кагышкан.

Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган.

Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

“75чилердин иши” боюнча сотко көрсөтмө берүү үчүн Ашыралиев, Рыскулов келдиНепал менен Тибетте суу ташкындын курмандыктары 1200дөн ашты Pegasus авикомпаниясы Москвага айрым каттамдарын токтоттуOzon сатуучуларга товарды Казакстанга жайгаштырууну сунуштады Кочкор-Атада дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылдыЖогорку Кеңеш жайкы эс алуудан кийин ишин баштады