“Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасы 3-сентябрда орусиялык “Аэрофлот” жана S7 Airlines авиакомпанияларынын Бишкектен Москва жана Новосибирск шаарына уча турган учактары кармалып турганын билдирди. Мекеме мунун себебин түшүндүргөн жок.
1-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский эл аралык авиакомпанияларга Орусиянын аба мейкиндиги украин дрондорунун соккуларынан улам “толугу менен кооптуу” болуп баратканын айткан.
Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинен кийин өткөн түнкү маалымат жыйынында бул сөздөр чындап айтылган болсо “мамлекеттик терроризмге жакын” деп баалаган.
Бишкектен авиакаттамдар Москвадан тышкары Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Казань, Красноярск, Махачкала, Сочи жана Сургут сыяктуу шаарларга аткарылат. (BTo)