Непалда тогуз күндөн кийин эки адам куткарылды

Катманду, Непал. 4-сентябрь, 2026-жыл.

Өткөн айда суу ташкынынан жабыркаган Непалда 4-сентябрь күнү куткаруучулар жер алдындагы туннелден эки адамды аман алып чыгышты. Алар суу баскан туннелде тогуз күн жатышкан. Дагы бир адамдын сөөгү чыгарылды.

Туннелдин ичинен адам үнү чыгып жатканын уккан куткаруучулар алардын турган жерин аныктап, жол ачып, жетип бара алышкан. Жабыркагандар экөө тең Катманду шаарындагы ооруканага жеткирилди, биринин абалы оор экени айтылууда.

Куткарылгандардын бири туннелде башка дагы тирүү адамдар бар экенин айткан. Ыкчам топтор куткаруу операцияларын күнү-түнү жүргүзүп жатышканы кабарланды.

Куткаруучулар жана аскерлер жалпысынан сел баскан аймактагы жети туннелге кирүүгө аракет кылууда. Жер алдындагы туннелдер ГЭСтерди техникалык жактан тейлөөгө пайдаланылып келген. Сел каптаган учурда туннелдердин оозу ылай жана таш менен тосулуп калган. Алардын ичинде болжолдуу 150дөй адам калып калганы, өлүү-тирүүсү белгисиз экени айтылууда. Ыкчам кызматтар туннелдин ичине насос менен аба киргизип жатышат.

26-августта Непал менен Тибеттин чек арасында катуу суу ташкыны жана сел жүрүп, бүтүндөй айылдарды жууп кеткен. Акыркы маалыматтарга караганда, апааттан 1200дөн ашуун адам набыт болду. Беш миңден ашык киши дайынсыз. Көпчүлүк имараттар талкаланган, эки өлкөнүн чек арасында баткактуу көл пайда болгон.

Кырсыктын так себеби белгисиз. Окумуштуулар Непалдагы Лангтанг-Лирунг чокусунан кулаган өтө ири көлөмдөгү муз менен таштар Лангтанг-Лирунг дарыясына түшкөнүн, андан суу ташкыны пайда болгонун болжолдошууда.

Дагы караңыз

"Бишкек Аренанын" курулушунун баасын атайын комиссия тактайтОрусияда 15 жаштагы кыргызстандык кыз "май куюучу жайга өрт койгон" деп жети жылга камалдыIPHR: Кыргызстанда бийликти сындагандарга, журналисттер менен активисттерге басым улануудаБайсалов: Жапаров менен атаандашам дегендер шайлоого чыксын Өзбекстан: Ислам Каримовдон кийинки 10 жыл