Украина АКШнын өкүлдөрү барган маалда Орусияга сокку урбай турганы кабарланды

Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө 5-сентябрь саат 00:00дөн 8-сентябрь саат 23:59га чейин майдан тилкесинде ок чыгарбоо режими сакталсын деген буйрук берилгени маалымдалды. Бул тууралуу «Украинская правда» басылмасы фронттун ар кайсы багыттарындагы бригадалардагы булактарына таянып жазды. Бирок Украинанын президентинин кеңсеси бул маалыматты расмий түрдө ырастай элек.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнердин сапары учурунда Орусиянын аймагына аба соккуларын убактылуу токтотууга даяр экенин билдирген. Ошондой эле ал Москваны да ушундай кадамга чакырган.

Маалыматка караганда, америкалык өкүлдөр 5-сентябрда Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен жолугуп, андан соң Киевге барып Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

The New York Times басылмасы Вашингтон Москва менен Киевди сүйлөшүүлөр өтүп жаткан мезгилде атышпоого үндөгөнүн жазган. Зеленский Украина америкалык өкүлдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында бул күндөрү абадан чабуул жасабай турганын билдирген.

Ошол эле учурда Киев Москвага дипломатиялык жолугушуулар маалында аба соккуларын токтотуу боюнча сунуш жөнөткөнү, азырынча Орусиянын жообун күтүп жатканы кабарланды.

АКШ президенти Дональд Трамп анын өкүлдөрү Москва менен Киевге Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу боюнча жаңы сунуштарды алып барарын айткан. Ал сунуштун майда-чүйдөсүн ачыктаган жок, бирок ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген.

Трамп ошондой эле орус президенти Владимир Путин НАТО өлкөлөрүнө кол салууну көздөбөй турганын билдирген. Бирок Европанын бир катар өлкөлөрүндө бул пикирден күмөн саноо күчтүү бойдон калууда.

Дагы караңыз

Непалда тогуз күндөн кийин эки адам куткарылдыУкраин Коопсуздук кызматынын башкы кеңсесине дрон менен сокку урулду"Бишкек Аренанын" курулушунун баасын атайын комиссия тактайтОрусияда 15 жаштагы кыргызстандык кыз "май куюучу жайга өрт койгон" деп жети жылга камалды