Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы көк бөрү боюнча финалдык беттеште казакстандык улакчыларды 12:0 эсебинде жеңип, чемпион болду. Жыйынтыктоочу оюн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.
Беттештин биринчи бөлүгүндө эсеп 4:0, экинчиде 8:0 менен жыйынтыкталып, акыркы 15 мүнөттүк бөлүктө 12:0 болду.
Кыргызстандык улакчылардан Нуржан Мелисбеков үч, Кыязбек Ниязов, Байтегин Оморбеков, Мирбек Муташов, Айдаркан Анарбеков экиден, Сеитбек Анарбек уулу бир салым салды.
Ушул эле күнү көкпар боюнча финалдык оюнда да Кыргызстан менен Казакстандын оюнчулары беттешет.
Алтынчы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда өтүп жатат. 31-августта расмий ачылышы Бишкек шаарындагы жаңы ачылган "Бишкек арена" стадионунда өтүп, калган иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уланууда.
Оюндарга катышуу үчүн 106 өлкөдөн оюнчулар келген. 6-сентябрда 6-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын расмий жабылышы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.