Украинанын башкы прокурору Кравченко кызматтан кетүүгө арыз берди

Руслан Кравченко

Украинанын башкы прокурору Руслан Кравченко кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирип, бул саясий чечим экенин жана аны аң-сезимдүү түрдө, кылдат ойлонуп кабыл алганын өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.

Ал мындай чечимди өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлердин бири, Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу департаментинин жетекчиси Сергей Кропивага байланыштуу коррупциялык жаңжалдын шартында кабыл алган.

«Мен башкы прокурордун кызматы саясий тирештин куралына айланышын каалабайм. Айыптоолор боюнча менин позициям өзгөрүүсүз бойдон калууда», - деп жазды Кравченко.

Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) менен Коррупцияга каршы адистештирилген прокуратурасы (САП) Башкы прокуратуранын жооптуу кызматкери жетектеген кылмыштуу уюм ашкереленгенин жарыялады.

Коррупцияга каршы көз карандысыз мекемелер бул иликтөөнү «Карфаген» операциясы деп атап жатышат.

Журналисттер НАБУ жарыялаган аудиожазууларда «Шеф» деп белгиленген адам Кравченконун өзү болушу мүмкүн экенин жазышкан.

Башкы прокурор өзү колл-борборлор менен эч кандай байланышы жок экенин жана мыйзам бузууга катышы болбогонун бир нече жолу билдирген.

Украиналык ЖМКлар президент Владимир Зеленский 7-сентябрда Кравченко менен жолукканын жазышты.

Башкы прокуратурадагы тинтүү тууралуу 4-сентябрда белгилүү болгон. Алгач прокуратура бул маалыматты четке каккан. Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) менен Коррупцияга каршы адистештирилген прокуратурасынын (САП) тергөөчүлөрү Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу департаментинин жетекчисинин орун басары Сергей Кропиваны кармашкан.

Коррупцияга каршы детективдер Кропива кылмыштуу уюмду жетектеп, анын мүчөлөрү алдамчылык менен алектенген байланыш борборлорунан пара алып турушкан деп ырасташууда. Мындан тышкары дагы эки прокурор камакка алынган. Кравченконун өзүнө болсо азырынча эч кандай айып тагылган эмес.

Дагы караңыз

Киев баллистикалык ракета жана реактивдүү дрон менен аткыландыЖМК: Кытай Орусияга дрон жасоого тонналаган материал жеткирген болушу мүмкүнЮстиция министри Аяз Баетов бошотулуп, анын ордуна Алмаз Айылчиев дайындалдыДүйшөмбүдө Тажикстандын эгемендигинин 35 жылдыгына арналган аскердик парад өттү