Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берилген мөөнөттөн ашып кеткен чет өлкөлүктөргө кайра кирүүгө тыюу салынат.
Мындан сырткары чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун жаңы тартиби киргизилет.
Өкмөт ошондой эле жарандары белгилүү бир мөөнөткө каттоодон бошотулган өлкөлөрдүн тизмесин бекитти. Чет өлкөлүк жарандын өлкөдө жүрүү мөөнөтү тышкы миграцияны эсепке алган Бирдиктүү система аркылуу автоматтык түрдө эсептелип турат.
Бул документ 2016-жылдын декабрь айынан берки иштеп келаткан өкмөттүн №689 токтому жана ага киргизилген өзгөртүүлөр күчүн жоготту дегенди билдирет.
Жаңы тартип чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда алар келген жери боюнча каттоо маселесин дагы камтыйт. Министрлер кабинети токтомду ишке ашыруу үчүн керек болгон чараларды көрүүнү президенттин иш башкармалыгына жана УКМКга тапшырды.
Документ расмий жарыялангандан тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Өкмөттүн токтому "Эркин-Тоо" гезитине 8-сентябрда жарыяланды.
Кыргызстандын миграциялык эрежелериндеги өзгөрүүлөр коңшу өлкөлөрдөгү миграциялык каттоого байланыштуу талаптар катаалдашып жаткан учурда жүрүп жатат.
Казакстандын өкмөтү визасыз режим иштеген өлкөлөрдүн жарандарына электрондук уруксат берүү чарасын киргизүүгө камынууда. QazETA тиркемеси быйыл июль айында сыноо режиминде ишке киргизилген.
1-ноябрдан тартып Казакстанга учак менен учуп баргандар, 15-ноябрдан тартып Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө чек ара аркылуу киргендер, 30-ноябрдан тартып уюм ичиндеги өлкөлөрдөн – Орусия жана Кыргызстандан киргендер колдоно башташат. Уруксаттын акысы 3900 теңгеден 7800 теңгеге чейин, сомго чакканда 800 сомдон 1500 сомго чейин болушу ыктымал.
Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин сайтында жазылгандай, бул санарип платформа чет элдиктердин миграциялык кызмат алуусун жеңилдетүү максатын көздөйт.
Орусия быйыл 30-июндан тартып мигранттарды көзөмөлдөгөн дагы бир тиркемени – RuID’ни ишке салган. Ага ылайык, Орусияга кирүүнү каалагандар эң кеминде 72 саат мурда тиркемеден арыз толтурушу керек. Аны колдонууга чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандык эмгек мигранттары, студенттер милдеттүү.
Иш жүзүндө Казакстандын QazETA тиркемеси да дал ушул орусиялык тиркемелердин аналогу болуп калды. (КЕ)