Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

QazETA: Кыргыз жарандары Казакстанга тиркеме аркылуу кире баштайт

Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрация сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрация сүрөт.

мазмуну

  • Казакстандын өкмөтү визасыз режим иштеген өлкөлөрдүн жарандарына электрондук уруксат берүү чарасын киргизүүгө камынууда.
  • Чет элдиктер аз убакыттан кийин бул өлкөгө кирүү үчүн QazETA аттуу тиркемеге алдын ала катталып, андан соң гана барышы керек болот.
  • Басылмалар бул эреже Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да тиешелүү болорун жазууда.

Казакстанга кирүүдө колдонулчу QazETA тиркемеси быйыл июль айында сыноо режиминде ишке киргизилген. Буга чейин Орусиянын бийлиги да чет элдиктерди көзөмөлдөө үчүн “Амина” деп аталган мобилдик тиркемесин ишке киргизген. Бул чечимдер ЕАЭБ ичиндеги тоскоолдуксуз жүрүү эркиндигине шек келтирүүдө.

Уруксат берүү тиркемесинин баяны

1-ноябрдан тартып Казакстанга учак менен учуп келгендер, 15-ноябрдан тартып Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө чек ара аркылуу киргендер, 30-ноябрдан тартып уюм ичиндеги өлкөлөрдөн – Орусия жана Кыргызстандан киргендер колдоно башташат. Уруксаттын акысы 3900 теңге 7800 теңгеге чейин, сомго чакканда 800 сомдон 1500 сомго чейин болушу ыктымал.

Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин сайтында жазылгандай, бул санарип платформа чет элдиктердин миграциялык кызмат алуусун жеңилдетүү максатын көздөйт.

“Чек арадан кирүүгө электрондук уруксат берүү (Electronic Travel Authorization, ETA) – Казакстан Республикасына кирүүдө визалык талаптардан бошотулган өлкөлөрдүн жарандарына багытталган. Казакстанга барууну пландап жаткан чет элдиктер ETA алуу үчүн мобилдик тиркемени жүктөп, чек арадан кирүүдөн 72 саат мурда арыз бериши керек. ETA’нын иштөө мөөнөтү 180 күн”, - деп айтылат Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин сайтында.

QazETA же ETA тиркемеси тууралуу соңку бир жылдан бери сөз болуп келген. Аны киргизүүчү мыйзамга президент Касым-Жомарт Токаев быйыл июнь айында кол койгон.

Орусиялык басылмалар Казакстандын бул талабы орус жарандарына тиешелүү болорун жазып, өздөрүнүн бийлик өкүлдөрүнүн түшүндүрмөлөрүн берүүдө.

Кыргызстандын бийлиги бул боюнча Казакстан тараптан расмий билдирме ала электигин кабарлады. Кыргыз Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Азамат Кайбалиев "Азаттыкка" мындай комментарий берди:

“Биздикилер интернетке чыккан кабарлардан эле маалымат алышты, бирок ошону менен эле билдирүү бере беришпейт. Биздин кызматкерлер Казакстан тараптан расмий маалыматты күтүп жатышат. Тиешелүү департаменттин директору “бизге расмий маалымат келе элек, бүгүн-эртең келип калышы мүмкүн” деди. Жооп келери менен биз маалымат беребиз”.

Маалым болгондой, Орусиянын бийлиги 2025-жылдын сентябрында мигранттарды каттоо жана көзөмөлдөө үчүн “Амина” мобилдик тиркемесин ишке киргизген. Ал Москва шаары жана Москва облусунда чет өлкөлүк жарандардын жашаган жерин санарип форматта көзөмөлдөө үчүн колдонулуп, аны иштетпеген айрым мигранттар өлкөдөн чыгарыла баштаган.

ЕАЭБдин эркиндик принциби эмне болду?

Орусия быйыл 30-июндан тартып мигранттарды көзөмөлдөгөн дагы бир тиркемени – RuID’ни ишке салган. Ага ылайык, Орусияга кирүүнү каалагандар эң кеминде 72 саат мурда тиркемеден арыз толтурушу керек. Аны колдонууга чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандык эмгек мигранттары, студенттер милдеттүү болуп калды.

Иш жүзүндө Казакстандын QazETA тиркемеси да дал ушул орусиялык тиркемелердин аналогу болуп калды.

Мигранттарга укуктук жардам көрсөткөн юрист Эрлан Токтосунов мындай дейт:

Эрлан Токтосунов
Эрлан Токтосунов

“Өзүңүздөр билгендей, Орусия Федерациясынын аймагына кирүүдө “Амина” тиркемесин колдонушат, андан кийин дагы бир программасын киргизип жатышат. Чет өлкөлүк жаран ал жакка киргенге чейин эле тиркемени кол телефонуна жүктөп, ага өзүнүн маалыматтарын киргизип, анан ошол аркылуу киргизип жатат. Тартип ошондой болуп калды. Казакстандыкы деле ошонун бир түрү. Чет элдиктерди алдын ала каттап, андан кийин өткөнгө мүмкүнчүлүк болуп жатат. Менимче, эгер мындай чара киргизилсе анда ЕАЭБ келишимине да алымча-кошумчаларды киргизүү зарыл болуп калат. Ар бир мамлекет өзүнүн коопсуздугун сактоо үчүн иш жүргүзүүгө укуктуу. Бирок бир уюмда тургандан кийин эрежелер шайкеш келиши керек”.

Буга чейин Орусияда быйыл сентябрда өтө турган парламенттик шайлоодон кийин мобилизация жарыяланышы мүмкүн экендиги жөнүндө маалымат чыгып, андан качкан орус жарандары алыскы жана жакынкы өлкөлөргө жапырт чыга баштаганы кабарланган.

Казакстандын чет элдиктерге чек арадан уруксат берүү тутумун ишке киргизүү аракетин айрым адистер мына ушул нерсе менен байланыштырууда. Себеби Украинадагы согушка байланыштуу 2022-жылы Орусия жарым-жартылай мобилизация өткөргөндө да орус жарандары Казакстанга, Кыргызстанга жана башка өлкөлөргө жапырт жер которушкан.

Башка маселе, Евразия экономикалык биримдигинин принциби. Кыргызстан 2015-жылы бул уюмга кошулганда анын ичиндеги беш өлкөдө төрт эркиндик – жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын тоскоолдуксуз жүрөрү айтылган.

Орусиянын жана Казакстандын тиркемелери менен уюмдагы башка өлкөлөрдүн – Беларустун, Армениянын жана Кыргызстандын жарандары кошумча чектөөгө дуушар болуп калышат.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай буларга токтолду:

Алмаз Тажыбай
Алмаз Тажыбай

“Биринчиден, бул Казакстандын ички иши, мындай чарага барганы өздөрүнүн коопсуздугун ойлогону. Ар бир мамлекет өзүнүн коопсуздугун ойлойт. Акча төлөп киргизгени башка өлкөлөрдө деле бар, виза үчүн акча төлөп, барганда ачылат эмеспи. Бул деле ошол сыяктуу го. Албетте, мунун чыныгы себебин биз билбейбиз, ага Казакстандын бийлиги жооп бериши керек. Ал эми ЕАЭБдин алкагында караганда бул эркин жүрүү, эркин товар жүгүртүү, ресурстарды эркин жүгүртүү принциптерин бузуу болуп калууда. Мына ушул эркиндиктерге тоскоолдук киргизип жатышат. Бул кандай белги? Казакстандын кызыкчылыгы биринчи орунда, ЕАЭБдин кызыкчылыгы экинчи орунда дегенди түшүндүрөт. Бул уюм экономикалык жактан “тиши жок” уюм болуп калды деген сөз да. Мындай чаранын киргизилиши иш жүзүндө виза киргизүү сыяктуу эле да. Акча төлөп, атайын мөөнөт үчүн кирип-чыгуу кыргызстандыктарга чындап эле тоскоолдук жаратат. Эгерде мындай киргизсе, анда, Борбор Азиядагы башка өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да күзгү катары, ошого жооп чараларды киргизишибиз керек болот”.

Аз күн алдын Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу менен жолугуп, Казакстандагы жаңы санариптик жана миграциялык эрежелери, анын ичинде QazETA тутуму жөнүндө да сураган.

Парламенттин маалымат кызматы тараткан кабарда бул кыргызстандыктарга тиешелүүбү-жокпу, айтылган эмес.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG