Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

"Дагы 10 миң машинага квота алдык". Бензин тартышта электр унаага талап өстү

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанга ташылып келген электр унаасын бажы алымысыз киргизүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү. 15 миң дааналык квота июль айында түгөнгөнүнө байланыштуу электр унааларынын баасы көтөрүлгөн эле. Учурдагы бензин кризисинин шартында электр менен жүрүүчү машиналарга талап өсүп жатат.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши кабыл алган бул чечим 17-августтан баштап күчүнө кирет. Ошондон тартып импорттоочулар Кыргызстанга дагы 10 миң электр унаасын бажы алымысыз киргизе алышат.

Султан Ахматов
Султан Ахматов

Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов 12-август күнү маалымат жыйын куруп, уюмдун бул чечимин кабарлады:

“Өзүңүздөр билгендей, бул жылга квота 15 миң болчу. Бирок жаралган ажиотаждан жана жарандарыбыздын электр унааларына болгон кызыгуусунан улам иш жүргүзүлүп, кошумча 10 миң унаага квота алдык”.

Жалпы квотанын 25 миңге чейин көбөйтүлүшү кошумча 10 миң даанага чейин машинени бажы төлөмүсүз киргизүүнү кайрадан баштоого мүмкүндүк берет. Белгиленген лимит бүткөндөн кийин электр унаасын киргизүүдө 15% өлчөмүндө бажы төлөмүн төгүүгө туура келет.

Министрлик калктын керектөөсүн камсыздоо үчүн Кыргызстанда электр унааларын жыйноочу завод курулуп жатканын кабарлады. Ишкана кайсы жерге, канча каражатка курулары жана кубаттуулугу тууралуу маалымат айтылган жок. Курулуш иштери 75% жетип, завод ушул жылдын 3-чейрегинде ишке кирери белгиленди.

Долбоорду аткарууга чет элдик инвесторлор тартылары жана ишканага бажы жеңилдиктери берилиши мүмкүндүгү айтылды. Завод толук ишке кирип, ички керектөөнү камсыз кыла баштаганда электр унааларына квота токтотулушу ыктымал.

Кыргызстанда электр унаалары көбөйүүдө

Автомобилисттер жана автоимпортерлордун укугун коргоо ассоциациясынын жетекчисинин орун басары Эргеш Мадалиев соңку жылдары электр унаасына өткөн айдоочулар көбөйгөнүн айтууда:

Эргеш Мадалиев
Эргеш Мадалиев

“Абдан көп кардарлар бензин жана дизел унааларынан Кытайдын электр унааларына өтүп жатышат. Албетте, Тесланы да көп алып келишет. Бирок, негизинен Кытай автоөндүрүшү лидерлик кылат. Анткени алардын баасы бизге ылайыктуу – 12-13 миң долларга электр менен жүргөн жаңы кроссоверди алсаң болот. Маселен, Changan Q05, BYD Yuan Up деген унаалар бар – аларды квота бар кезде 12-13 миң долларга алып келип атышкан. Квота түгөнгөндөн кийин баасы 15 миңден 17-18 миңге чейин көтөрүлгөн. Кандай болбосун, суроо-талап бар, баары бир унааларды алып келип атышат. Көп сандаган унаалар келип, бажыда таризделип атат”.

Кыргызстандын статистикасында соңку жылдары бир кыйла чектөөлөр киргизилгендиктен электр унааларынын импортунун так көлөмүн аныктоо кыйынчылыкты жаратат. Чет өлкөлөрдүн расмий статистикасын карасак, 2021-жылдан ушул күндөргө чейин Кыргызстанга 40 миңдей электр унаасы сатылган.

Буга чейин эксперт белгилегендей эле, электр унаалары негизинен Кытайдан келүүдө – анын үлүшү жалпы электр унаа импортунун 90% ашат. Андан кийин Түштүк Корея, Грузия, Германия, Жапония жана Бириккен Араб Эмирликтери турат.

Бирок бул көрсөткүчтөр да анча так эместей, анткени соңку жылдары ЕАЭБдин чечими менен Кыргызстанга 10-15 миңден квота бөлүнүп, ал бат эле түгөнүп калып жатканын билебиз.

Ал эми Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор өлкө аймагында 25 миңге жетпеген электр унаасы катталганын билдирүүдө.

“Электр кыймылдаткычтагы унааларды каттоого жана кайра каттоого нөлдүк жыйым аныкталган. Башкача айтканда, аталган унаалардын ээлери каттоодо жана кайра каттоодо бошотулат. Бул Салыктык эмес кирешелер кодексинде да белгиленген. Тенденция электр кыймылдаткычтагы унаалар абдан көп киргизилип жатканын көрсөтүүдө. Жыл сайын көбөйүп жатат. Статистиканы карасак, бүгүнкү күнгө карай 24 804 даана электр унаа катталган”, - дейт мекеменин Транспорттук каражаттарды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Таалайбек Суваналиев.

Реэкспорттолуп кеткен унаа да көп

Өкмөттүн бажы жеңилдиктери жана ЕАЭБдин алкагындагы квоталар киргизилгенден кийин алардын саны тез өсүүдө. Арийне, байкоочулар Кыргызстанга импорттолгон электр унааларынын көпчүлүгү кайра башка өлкөлөргө реэкспорттолуп кетип жатканын айтып келишет. Маселен, Дагестандын базарларында каз-катар тизилип сатылып жаткан кытай унааларында кыргыз номурлары тагылган жана сатуучулар алар кыргыз жарандарына катталганын ачык эле айтышат.

Квота менен келген электр унаалары башка өлкөлөргө, анын ичинде ЕАЭБ мүчөлөрүнө да реэкспорттоого жатпайт. Алар өлкө ичиндеги керектөө үчүн гана колдонулушу керек.

Элимбек Каныбек уулу
Элимбек Каныбек уулу

Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын жетекчиси Элимбек Каныбек уулу өкмөт электр унаалардын башка өлкөлөргө өтүп кетишин катуу көзөмөлдөй турганын билдирди:

“Бизде тыюу бар. Унааны сатып алып, андан пайда көрүү үчүн башка өлкөгө сатууга жол бербейбиз. Бизге берилген ушул квоталык келишимдин шарты ушундай. Эгерде Кыргызстандын рыногуна алып келсең, анда бажы төлөмүн төлөбөйсүң, квотанын алкагында төлөмсүз киргизесиң. Эгерде Орусиянын рыногуна алып өтсөң, бажы төлөмүн төлөп кой. Төлөмдү төкмөйүнчө унаа эсептен чыгарылбайт. Саткан күндө да аны эсептен чыгара албайсың. Эгерде ушундай учур болуп калса, анын жолун катуу кесебиз. Анткени, муну өзүбүздүн керектөөчүлөр үчүн гана кылып жатабыз”.

Кыргызстан жылына 160 миңден 200 миңге чейин автотранспорт импорттойт. Унаа импортунда Кытайдын барааны барган сайын өсүп келет. Соңку жылдары электр унааларына суроо-талап өсүп, өкмөттүн колдоосу да активдешкен. Евразия экономикалык кеңеши 2022-жылдан тарта мүчө-өлкөлөргө электр унаасын алып кирүүгө чектелген квоталарды аныктап келет. Башында 5 миңден башталган Кыргызстандын үлүшү 2026-жылга чейин 15 миңге жеткирилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG