Абактагы Султанбеков президентке кайрылып, сотту ачык өткөрүүгө чакырды

Темирлан Султанбеков. Апрель, 2026-жыл. Сүрөт Султанбековдун Фейсбук баракчасынан алынды.

Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери боюнча шектелип кармалган саясатчы Темирлан Султанбеков абактан президент Садыр Жапаровго кайрылып, сотту ачык өткөрүүнү суранды. Саясатчынын каты анын Фейсбук баракчасына 10-сентябрда жарыяланды.

Катта Султанбеков Жапаров президент болуп турган мезгилден тартып 1 жыл 10 ай үй камагында, 7 ай пробациялык көзөмөлдө, 1 жыл 3 ай тергөө абагында камакта отурганын белгиледи. Үй-бүлөсү, туугандары жана командасы дагы куугунтукка кабылып, кызматтан бошогонун жазды:

"Мага болгон басым-кысым муну менен бүткөн жок, ал үй-бүлөмө да жетти. Туугандарым мамлекеттик кызматтан кетишти. Жакында эле сиздин администрацияңыздын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Д.Орунбеков "атуу тизмесин" жарыялады, ал тизмеде апам жана карындашымдын аттары да аталган. Милиция кызматкерлери 12 жаштагы инимдин телефонун жана планшетин күч менен тартып алышып, 10 айдан бери кайтарышпады. Акырында кырдаал күлкүлүү деңгээлге жетти, жадагалса мышыгымдын паспортун жана ветеринардык китепчесин алып кайра кайтарышпаптыр - бул тергөөнүн иши беле?".

Саясатчы өзүнүн кайрылуусунда соттун ачык өтүшүн да суранды.

Султанбековдун бул кайрылуусу боюнча "Ынтымак ордо" комментарий бере элек.

"Мен бизге козголгон ишке соттун ачык болушун гана суранам. Эгер тергөөнүн, милициянын, прокурорлордун жана соттордун адилеттүүлүгүнө жана билимдүүлүгүнө ишенсеңиз, анда ачык соттун өтүшүнөн эмне үчүн коркуу керек? Мага каалаганча жаза бере берсеңиз болот, 20 жыл болобу, өмүр бою болобу, мага баары бир, бирок ачык сот өткөрүңүз", - дедин ал жазган катында.

2025-жылдын 22-ноябрында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган. Бир нече адамдын үйү тинтилип, камакка алынган.

Кармалгандардын ичинен Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагып келишет. (КЕ)

Дагы караңыз

Түркияда кармалган Эрмек Сабыржановго Кыргызстанга кайтууга уруксат берилди"75чилер каты": Сотто жарыш сөз башталды, өкүм чыгышы күтүлүүдөКыргызстан Орусияга аскер техникасы ташылганы тууралуу маалыматты төгүндөдүОрусиянын дрон чабуулунан Украинада эки жайкын тургун каза болду