11-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын борбору Киевге кайрадан дрон жана ракета менен чабуул койду. Украин бийлигинин маалыматына караганда, дрондордун бири Днепр районундагы тогуз кабаттуу турак үйгө тийип, өрт чыкты. Сегиз адам жараат алды, алардын үчөө ооруканага жаткырылды.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы өрт имараттын биринчи кабатынан бешинчи кабатына чейин жайылганын билдирди. Батирлердин бири күйүп кетти. Киевдин Оболонь районундагы кампага да сокку тийип, өрт чыкты.
Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдиргендей, түн ичинде Орусия Украинага карай 138 дрон жана "Бандероль" үлгүсүндөгү чакан канаттуу ракеталарды учурду. Чабуулдардын изи өлкөнүн кеминде 19 жеринде катталды.
10-сентябрдын кечинде Киев облусуна жасалган соккудан бир адам каза болуп, дагы эки киши жараат алган. Жергиликтүү бийлик Буча, Фастов жана Обухов райондорунда жалпы 17 объект жабыркаганын маалымдаган. Арасында турак үйлөр, өндүрүш жайлары, кампалар жана ветеринардык клиника бар.
Август айынын соңунан бери Киев дээрлик күн сайын аба чабуулдарына кабылып келет. 1-сентябрдагы ири соккудан сегиз адам, анын ичинде үч бала каза болгон. Андан кийинки күндөрү дрондор университетке, ооруканага, көп кабаттуу турак үйгө, Украинанын Коопсуздук кызматынын имаратына жана "Биз – Украина" телеканалына да тийген. Украин тарап соңку чабуулдарда жарандык инфраструктура негизги буталардын бири болуп жатканын билдирүүдө.