Кыргызстанда куткаруучулар орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын сөөгүн жакындарынын өтүнүчү менен сөзсүз түрдө алып түшүүгө милдеттүү эмес. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Москвадагы «Миронов жана өнөктөштөр» адвокаттар коллегиясынын өкүлү Александр Корытин билдирди.
Анын айтымында, Наговицына Кыргызстандын жараны болбогондуктан жакындары өлкөдөн мындай операцияны акысыз жүргүзүүнү талап кыла алышпайт.
«Тоодо дайынсыз жоголгон адам Кыргызстандын жараны эмес экенин эске алуу керек. Ошондуктан мамлекет кепилдеген милдеттүү жардам жөнүндө сөз кылуу кыйын. Куткаруучулар жакындарынын талабы менен анын сөөгүн акысыз эвакуациялоого милдеттүү деп айтууга болбойт», - деди адвокат.
2025-жылы Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бул окуядан кийин өз жарандарына кайрылып, тоого чыгар алдында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине алдын ала маалымат берүүнү эскерткен.
Наговицына 2025-жылдын 12-августунда Ысык-Көл облусундагы Жеңиш чокусунан түшүп келе жатканда бутун жабыркатып алган. Ал деңиз деңгээлинен болжол менен 7100 метр бийиктикте калган.
Кийин уюштурулган куткаруу операциясы натыйжа берген эмес. Аба ырайынын өтө оор шарттары жана каттамдын татаалдыгы спортчуну эвакуациялоого мүмкүндүк берген эмес. Операция учурунда үч альпинист каза болуп, дагы экөө дайынсыз жоголгон. Ошондой эле куткаруучуларды ташып бараткан Кыргызстандын Коргоо министрлигинин тик учагы кырсыктап, экипаж мүчөлөрү жараат алышкан.
ӨКМ куткаруучулар 6100 метр бийиктикке чейин жеткенин, бирок аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу издөө иштери белгисиз мөөнөткө токтотулганын билдирген.
Наталья Наговицинаны издөө-куткаруу операциясы расмий түрдө 2025-жылдын 2-сентябрында аяктаган.