Орусия Украинанын батыш облустарына жана Одессага сокку урду

Одесса

Орус армиясы 13-сентябрга караган түнү жана жекшемби күнү эртең менен Украинанын батыш облустарына жапырт сокку урду. Одесса жана Одесса облусу дагы чабуулга кабылды.

Украинанын Аба күчтөрү Орусия демейдегиден көп, 450 дрон учурганын билдирди. Эртең менен дагы чабуулдар токтогон жок. Польшанын чыгыш аймактарында айгай жаңырды. Бирок аба мейкиндиги бузулганы тууралуу маалымат айтылган жок. Румыниянын бийлиги дрон өлкө аймагына учуп киргенин билдирди.

Хмельницк облусунда орус армиясынын соккусунан аты аталбаган өнөр жай ишканасында өрт чыкканын жергиликтүү бийлик кабарлады. Жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.

Украиналык ЖМКлардын жазганына караганда, Ивано-Франковск, Тернополь и Львов облустары соккуга кабылды. Львовдо Польшага жакын жерде жайгашкан май куюучу жайга чабуул жасалды. Өлкөнүн батышында темир жол дагы чабуулга кабылды.

Одессада дрон чабуулунан кийинки зыян тарткан үйлөрдүн сүрөттөрү жарыяланды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 9 киши жаараат алды.

Одессада 12-сентябрда 25 кабаттуу үйгө дрон тийип, куткаруу иштери аяктаган. Анда 2 киши каза болуп, 20сы жараат алган.

Орусиянын Коргоо министрлиги түнү «аскер багытындагы жүктөрдү бөлүштүргөн логистикалык боорборлорго, энергетикалык объектилерге» сокку урулганын билдирди.

Аталган мекеме Украинанын батышындагы темир жолго дагы сокку урулганын кабаралады.

Дагы караңыз

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылдыИран Кытайдын спутник сүрөттөрүн колдонгону маалымдалдыБаткенде чек арада курман болгон аскерлердин элесине арналган мелдеш өтүп жататОрусиялык аскерлер Кривой-Рог жана Одессага сокку урду, каза тапкандар бар