Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев өкмөттү Баткен, Лейлекте кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин жаңы үйгө көчүп баргандарга көңүл бурууга чакырды. Эл өкүлү 14-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында өкмөт өкеүлдөрүнө кайрылып, бир короодо беш үй-бүлө жашап жатканын, суук тушкөнчө алардын маселесин чечип берүүнү суранды.
"Мен Лейлек, Баткен райондорунда кошуна өлкө менен каргашада элдин экинчи үйлөрү жана жер тилкелери боюнча маселени палатада дагы көтөрдүм эле. Кышкы суук келатат, ушуну каржылап берсеңиздепр. Үйү күйгөн жарандарга 100-120 чарчы метрден үйлөрдү мамлекет салып берген. Бирок кээ бирөөндө бир короонун ичинде бештен үй-бүлө жашап жатат, ошону эртерээк чечип берсеңиздер", - деди Жороев.
Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.
Былтыр март айында Кыргызстан менен Тажикстан чек араны толук тактаган макулдашууга кол коюшкан. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат.
Тажикстан тараптан Кыргызстанга 259 турак үйлөр жана социалдык объектилер өттү. Эки тараптуу комиссия алмашылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо иштерин былтыр сентябрда аягына чыгарган.
Үйлөрү, короо-сарайлары алмашууга туш болгон жарандар үчүн кыргыз бийлиги Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында 257 үй куруп берген. Күз айында тургундар толугу менен жаңы конушуна көчүрүлгөн. Лейлекте Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылынан 16 тургун ушул эле айылдын аймагында мамлекет курган үйлөргө, Саада айылынын 60 тургуну Раззаков айылындагы жаңы конушка жайгашкан.
Тажикстан менен чек араны тактоодо жери алмашууга туш келген Достук айылынын тургундары Баткен шаарында курулган үйлөргө көчүрүлгөн. (КЕ)
Депутат өкмөттү чек ара жаңжалынан кийин жаңы үйлөргө көчкөндөргө көнүл бурууга чакырды
Лейлектин тургуну Ыкыбал Абдувалиевага берилген үй. 2026-жыл