Президент Жапаров расмий сапар менен Түштүк Кореяга барат

Садыр Жапаров. Архив

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мёнун чакыруусу менен 15-сентябрда Сеулга барат барат. "Ынтымак ордодон" кабарлашкандай, мамлекет башчынын Кореядагы расмий сапары 18-сентябрга чейин уланат.

Сапардын алкагында Жапаров Сеул декларациясын кабыл алуу мерчемделген “Борбордук Азия - Корея” биринчи саммитине катышат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүүдө. Сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактарда эки тараптуу документтер топтомун кабыл алуу пландалууда.

Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапары менен 2024-жылы барган.

Анын алкагында энергетика, билим берүү жана санариптештирүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 20дан ашык документке кол кол коюлган. (КЕ)

Дагы караңыз

Ирактын түрмөлөрүндө отурган кыз-келиндердин ата-энелери бийликке кайрылдыТрамп Киевди Орусиянын дизел өндүрүшүнө соккуларды токтотууга чакырды Ташиевдин адвокаты "75чилер иши" боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы прокуратурага кайрылдыУкраинанын дрондору Краснодарга сокку урду, Сочиде беш киши жабыркады