АКШ президенти Дональд Трамп Украина менен Орусия бири-биринин энергетикалык объектилерине сокку урбоону макулдашканын билдирди. Бул тууралуу ал 14-сентябрда Truth соцтармагындагы баракчасына жазды.
“Дүйнөдөгү кара майдын баасынын өсүшү Орусия менен Украинадагы согуштан улам болуп жатат, Иран менен согушка байланыштуу эмес”, - деди Трамп.
Бирок Украина менен Орусиянын бийликтери мындай келишимге жетишкенин буга чейин кабарлаган эмес.
Трамп билдирүүсүн жазгандан кийин украин президенти Владимир Зеленский Телеграм каналына Орусиянын келишимди аткарарына ишеним артпай турганын жазды.
“Украина өз өнөктөштөрүнө Орусия менен өтө маанилүү инфраструктураны жок кылууну токтотуу боюнча келишимге жетишүүнү сунуштаган. Азык-түлүк, энергетика баштаган калктын жашоосу үчүн өтө маанилүү элементтер коргоонун астында болушу керек. Бирок Оруися дал ушуларга сокку уруп жатат. Украина Орусиянын кайсы-бир келишимдерди аткарарына ишенбей турат”, - деди Зеленский.
Зеленский Украинанын өнөктөштөрү Орусия чынында эле энергетикалык объектилерге сокку урууну токторуна кепил болсо, Киев да мындай соккуларды жасабай турганын кошумчалады.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Киевди жарандык экономикалык инфраструктурага сокку урууну токтотуу боюнча чакырыктарды кубаттаса болорун айтканы менен Орусия мындай чабуулдарын токтотобу деген суроого жооп берген жок.