Бүгүн Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталууда. Өлкө боюнча 146 миң 852 окуучу 1-класска барды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө 1,5 миллион окуучу жалпы билим берүү мекемелеринде билим алат. Өлкөдө 2374 мектеп иштесе, анын 2132 мамлекеттик, 242си менчик. Эмгектенип жаткан мугалимдердин жалпы саны 97 миңдей.
Былтыртан бери Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өттү. Анын алкагында айрым өзгөрүүлөр болуп, өлкөдө балдар мектепке алты жаштан тартып бара баштады.
Быйыл окуу жылы 15-сентябрда башталууда. Мындай чечим сентябрдын башында өлкөдө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары өткөнүнө байланыштуу кабыл алынган.
Окуу жылынын башталышына карата президент Садыр Жапаров куттуктоо таратып, өлкөдө мектеп программалары жаңыланып, STEM окуу предметтерине, жасалма интеллектиге, чет тилдерге жана функционалдык сабаттуулукка өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи.